Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясы башкы, улук жана кенже
кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына
квалификациялык талаптар:
Аппарат жетекчиси:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
Жогорку билим: — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция,
Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый
илимдер, Техникалык, Курулуш ж.б.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем
эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”
Конституциялык Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодекси”;
4.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат
жөнүндө” Мыйзамы;
5.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
Мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары
жөнүндө” Мыйзамы;
7.Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
8.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз республикасынын мамлекеттик органдарынын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга
жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
9.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
2.Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”
Мыйзамы
— Билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп
чыгуу;
-аппарат кызматкерлерине бөлүнгөн иштин көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо,
жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды
киргизүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн
жоопкерчилик тартуу;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз
убагында көрө билүү жана чечүү;
-алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн
мүмкүнчүлүктөрдү издөө;