Кыргыз
Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн
аппараты кадрлар резервине  кирүү
үчүн            ачык конкурс жарыялайт

 

 Административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже тобуна
кадрлардын резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт.

           

ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ
 КОЮЛГАН  КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК  ТАЛАПТАР:

1.Башкы
топтогу административдик мамлекеттик кызмат
орду төмөнкүдөй типтүү
квалификациялык талаптар белгиленет:

1.    кесиптик
билимдин деңгээли: 

—      тиешелүү
багыттагы жогорку билим;

2.    иш
стажы жана тажрыйбасы:

—   
мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан             3 жылдан кем эмес же тиешелүү
кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;

   
 3.  кесиптик компетенттүүлүгү:

—       төмөнкүлөрдү
билүү:

         Кыргыз Республикасынын жалпы
мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү
мыйзамдарды;

адам
ресурстарын башкаруу жаатында;

кызматтык
милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана
расмий тилдерди;

—   
 билгичтиги:

иштин
артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк
бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү,
контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;

башкаруучулук
чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын
кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

коюлган
милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;

өзүнүн ишин жана
түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

ведомстволор
аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу
кырдаалдарды жөнгө салуу;

—       көндүмдөрү:

аналитикалык
жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдү
башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди
сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык
максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу
жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу,
иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты
талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук
актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

натыйжалуу өз
ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды
өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий
тилдерде иштиктүү кат алышуу;

компьютердик
жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды
колдоно билүү.

Негизги тестирлөө
үчүн төмөнкү укуктук ченемдик актыларды милдеттүү түрдө билүү:


Кыргыз Республикасынын Конституциясы;


Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

-«Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын
 «Жарандарынын кайрылууларын кароо тартиби
жөнүндө» Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын  «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө»
Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын
 «Кызыкчылыктардын  кагылышуусу  жөнүндө» Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын  «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө»   Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын  "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун мамлекеттик органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен
бекитилген «Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама жөнүндө».

Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик актыларды милдеттүү түрдө билүү:
- Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү ө алдынча башкаруу органдары жөнүндө"  Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын  "Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы;   
- Кыргыз Республикасынын  "Мамлекттик тил жөнүндө" Мыйзамы;

— Кыргыз
Республикасынын «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү
жөнүндө» Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын  “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз
Республикасынын «Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей
мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы.

II. Улук топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1.    кесиптик билимдин деңгээли:
-       тиешелүү багыттагы жогорку билим;
2.    иш стажы жана тажрыйбасы:
-    мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3.    кесиптик компетенттүүлүгү:
-       төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
-       билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
-       көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Негизги
тестирлөө үчүн төмөнкү укуктук ченемдик актыларды милдеттүү түрдө билүү:


Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын  "Жарандарынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын  «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө»
Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын  «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө»   Мыйзамы;

— Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен
бекитилген «Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама жөнүндө».

Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик актыларды милдеттүү түрдө билүү:
- Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү ө алдынча башкаруу органдары жөнүндө"  Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө абал жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын  "Мамлекеттик тил жөнүндө" Мыйзамы;

— Кыргыз
Республикасынын «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү
жөнүндө» Мыйзамы.

 

III. Кенже
топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына
төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1.    кесиптик
билимдин деңгээли:

—       мамлекеттик
жарандык кызматчылар үчүн — тиешелүү багыттагы жогорку билим;

2.    иш стажы жана
тажрыйбасы:

—       иш
стажына талаптарды койбостон;

3.    кесиптик
компетенттүүлүгү
:

—       төмөнкүлөрдү
билүү:

Кыргыз
Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш
чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

кызматтык
милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий
тилдерди;

—       билгичтиги:

жогору
турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди,
маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү
чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны
практикалык иште колдонуу;

кызматтык
милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

жарандардын
кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик
жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада
иштөө:

—    
көндүмдөрү:

ченемдик
укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик
жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно
билүү.

Негизги тестирлөө үчүн төмөнкү укуктук ченемдик актыларды
милдеттүү түрдө билүү:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— Кыргыз Республикасынын 
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»
Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому
менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускама жөнүндө».

Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик актыларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик
администрация  жана жергиликтүү ө алдынча
башкаруу органдары жөнүндө» 
Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын  "Мамлекеттик тил жөнүндө" Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын  "Жарандарынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Мыйзамы;
 

        

КОНКУРСКА
КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ:

—        
Конкурстук
комиссиянын төрагасынын атына мамлекеттик кызматтын тобун көрсөтүү менен жазылган
жеке арыз;

—        
Резюме
(электрондук почта жана телефон номерин көрсөтүү менен);

—        
Өздүк
таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

—        
нотариустан
же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн  негизги  жана
кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;

—        
нотариустан
же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш
стажы бар болсо);

—        
илимий
даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар
болсо);

—        
Паспорттун
көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).  

 

—        
Документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 4-июлунан 14-июлуна чейин саат 8.30дан 17.30га чейин   жүргүзүлөт.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү11, 3-кабат, 302-кабинет,

           тел. (03722) 2-16-40