КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев: “Айымдар – аруулуктун, назиктиктин, боорукерликтин жана акылмандыктын белгиси”

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын айымдары!

Сиздерди кирип келген 8-март Айымдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Нечен кылымдарды карыткан улуу кыргыз элибиз байыртадан эле айымдарга өзгөчө аяр мамиле жасап, сыйлап келген. Элибизде бекеринен “кыздын кырк чачы улуу” , — деп айтылбаса керек. Айымдар – аруулуктун, назиктиктин, боорукерликтин жана акылмандыктын белгиси.

Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кыргыз айымдарынын салымы опол тоодой зор. Манас дастаныбыздагы Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк энелерибиздин акылмандыгы, Курманжан датка энебиздин эрдиги, кечээки Күлүйпа Кондучалова, Зууракан Кайназарова өңдүү кыргыздын мыкты кыздарынын мээнеткечтиги кийинки урпактарга баа жеткис сабак боло алат.

Биздин кесипкөй, жоопкерчиликтүү айымдарыбыз мамлекеттик жана муниципалдык кызматта да жигердүү эмгектенип, талыкпаган мээнети менен мамлекетибиздин социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык багытындагы өсүп-өнүгүүшүнө салым кошуп келишүүдө.

Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр жана кажыбас кайрат каалайм! Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин! Ал эми өлкөбүздө ар дайым тынчтык, бейпил турмуш жана ачык асман өкүм сүрсүн!

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик кадр кызматынын
директору А.М. Маматалиев

КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев: “Мекенди коргоо – ар бир кыргызстандыктын ыйык милдети!”                       

Урматтуу мекендештер!

      Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар!

         Сиздерди 23-февраль Ата Мекен коргоочунун күнү менен чын дилимден куттуктайм!

         Бул майрам – ар бир эр-азаматтын жүрөгүндө мекенчилдик сезимди ойгото турган символикалык улуу майрам. Мекенди коргоо – бардык кыргызстандыктартын ыйык милдети экендиги талашсыз.

         Кыргыз элинин көп жылдык тарыхында ички душмандардан сактоодо, чет элдик баскынчылардан коргоодо, өзүнүн интернационалдык парзын аткарууда, сырттан келишкен куралчан душмандарды жок кылууда элибиздин эр-азамат жигиттери эрдик жасап, кийинки муундарга мекенчилдиктин бийик үлгүсүн көрсөтүшкөн.

         Мамлекеттик кызматка мекенчил, демилгелүү жана кесипкөй, жаш кадрларды тартуу ар бир мамлекеттик жана муниципалдык органдын негизги милдети. Сиздер бийликтин жер-жерлердеги мекенчил, ак-ниет, абийирдүү кесипкөй өкүлү катары, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен бирге, мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого өз аракетиңерди жумшоого, өлкөбүздүн мамлекеттик кызматын жакшыртууга салым кошоруңарга толук ишеним бар.   

 Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар!

Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат жана узун өмүр каалайм. Ал эми ыйык мекенибизде ар дайым тынчтык, бейпил турмуш жана ачык асман өкүм сүрсүн!

Сиздерди урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору
Абдырахман Маматалиев