КР ӨКМине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кенже кызмат ордуна

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар белгиленет (К-А):

  1. Кенже админитративдик кызмат орундарынын топтору үчүн (К-А) (Талас):

1)    Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2)    Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

3)    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй  квалификациялык талаптар белгиленет:

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

—  жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын: “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Суу жөнүндөгү”;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аалрды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомунун,

— Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматы жөнүндөгү жобосу”;

3.2.Билгичтиги:

ПСД сметаны түзүү,чийме чийүү;

— толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер);

— объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү;

— аналитикалык иш-кагаздарды түзүү;

— презентация жасоого жөндөмдүү

3.3. Көндүмдөрү:

— геодезиялык инструменттерде иштөө, тиешелүү  жайларды сүрөткө түшүрүү

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

  • Арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;
  • Өмүр баян;
  • Өздүк баракча сүрөтү менен;
  • Паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү;
  • Эмгек китепчисинин көчүрмөсү, кесиптик билиминин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Документтерди сынак жарыяланган 23-августтан тартып 2-сентябрга чейин (10-календардык күнүнөн кечиктирбестен) кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек.

Дарек: Талас шаары,  Ч.Айтматов к., 370, тел.: 0559112394; Ош шаары, Муминова көчөсү,11; 1этаж, 13 кабинет, телефон: 0555112695