КР ӨКМине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматынын өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн кенже кызмат ордуна

  1. Кенже админитративдик кызмат орундарынын топтору үчүн (К-Б) (Борбордук аппарат):

1)    Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2)    Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

3)    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй  квалификациялык талаптар белгиленет:

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

—  жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын: “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Суу жөнүндөгү”;

— Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматы жөнүндөгү жобосу”;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”

3.2.Билгичтиги:

курулмаларды жана курулуштарды техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү;

— курулмаларды тейлөө жана эксплуатациялоо жумуштарын алып бааруу;

— оңдоо жана курулуш жумуштарын так көрсөтүүчү анализди даярдоо (айлык, кварталдык, жылдык эсептелөөр жана графиктери менен)

— дефектный акты түзүү;

— чийме чийүү

3.3. Көндүмдөрү:

— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— СНиПтар жана ченемдик документтер негизинде аш алып баруу;

— геодезиялык инструменттерде иштөө, тиешелүү  жайларды сүрөткө түшүрүү

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

  • Арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;
  • Өмүр баян;
  • Өздүк баракча сүрөтү менен;
  • Паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү;
  • Эмгек китепчисинин көчүрмөсү, кесиптик билиминин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 10-жумушчу күнүнөн кечиктирбестен кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек.

Дарек: Ош шаары, Муминова көчөсү,11; 1этаж, 13 кабинет, телефон: 0555112695