КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгы  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын  2-февралындагы УП №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:

 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:

            1.Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, техносфердик коопсуздук, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият илимдери, гуманитардык илимдери, педагогикалык билим, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, маалыматтык коопсуздук, тоо-кен илимдери, айыл чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, электроника, радиотехника жана байланыш, техника илимдери, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билими, техникалык илимдери.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

            3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

            Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

            Предметтик мыйзамдар:

— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамдарын,

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы №315 “Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”,   2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2011-жылдын 3-январындагы №1 “Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.

           

            3.2. Билгичтиги;

— документтердин, маалыматтардын, сурамдарга жооптордун сапаттуу даярдоого жөндөмү;

—  командада иштей билүүгө жөндөмү;

—  кызматтык алака, көңүл бөлүүгө, демилге көтөрө билүүгө жөндөмү;

—  ири көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүүгө жөндөмү.

            3.3. Көндүмдөрү:

—  ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Кенже топтогу   административдик мамлекеттик кызмат орунуна :

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, техносфердик коопсуздук, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият илимдери, гуманитардык илимдери, педагогикалык билим, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, маалыматтык коопсуздук, тоо-кен илимдери, айыл чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, электроника, радиотехника жана байланыш, техника илимдери, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билими, техникалык илимдери.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

            — иш стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

            3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

            Жалпы мыйзамдар:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы            № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

            Предметтик мыйзамдар:

— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-апрелиндеги №159 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы эвакуациялык комиссиясы жөнүндө”, 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы №212 “Аймактарды топторго, уюмдарды — Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы №213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 23-октябрындагы №569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы №58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.

            3.2. Билгичтиги:

  • жарандар менен иштей билүү жөндөмү;
  • жарандык коргонуу планын долбоорун иштеп чыгуу, сунуш берүү;
  • карталар менен иштей билүү жөндөмү.
  • курулуш эрежелери жана нормаларын билүү;
  • медицина жана химия боюнча түшүнүгү;
  • өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссияларынын ишин уюштура билүү.

            3.3. Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш бакытын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

  • жеке арыз,
  • кадрларды каттоо баракчасын,
  • өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен),
  • резюмени (электрондук даректи көротүү менен), сүрөтүн;
  • паспортунун  көчүрмөсү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн  негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтерин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн  эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( эмгек стажы бар болсо);
  • илимий даража же илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү.

 

Документтерди 2022-жылдын 24-майга чейин Кадрлар   бөлүмүнө тапшыруу керек.

 

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:  Ош  шаары, Моминова көчөсү 11, каб. 407 (Кадрлар  бөлүмүнө),                       тел.:  0554 112 866, 0706 697 373