приказ МТСОМ и ГАГСМСУ об утв. Руководства для КМ по охране и защите от семейного насилия (1)

Жергиликтүү деңгээлде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо. Жергиликтүү комитеттердин ишинин негизги стандарттары. Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттер үчүн колдонмо.

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин

(2022-жылдын 9-июнундагы № 79 Буйругу) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (2022-жылдын 9-июнундагы № 152 Буйругу) биргелешкен Буйругу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан практикалык колдонуусу үчүн сунушталган.

 

Колдонмо үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттердин ишинин бирдиктүү стандарттарын киргизүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн арналган. Ал жергиликтүү комитеттерди түзүүнүн укуктук негиздерин, иштөө принциптерин, жергиликтүү комитеттерди ишин түзүү жана куруу боюнча иш-аракеттер алгоритмин, документтердин үлгүлөрүн жана шаблондорун, ошондой эле жергиликтүү комитеттердин ишинде пайдалуу боло турган башка документтерди камтыйт.

Документ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чөйрөсүндө иштеген жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн пайдалуу болот.

Бул колдонмо сатуу үчүн арналган эмес, акысыз таратылат, тиешелүү шилтемелер менен колдонулушу жана кайра чыгарылышы мүмкүн.

 

Руководство для МК кырг — фин 1306 (1)