Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги борбордук аппараттын мамлекеттик жарандык кызматынын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Борбордук аппаратынын административдик мамлекеттик жарандык кызматтарына квалификациялык талаптар
Административдик кызматтардын башкы топтору үчүн:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
5)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7)“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы;
9)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”.
Административдик кызматтардын улуу топтору үчүн:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Кыргыз Республикасынын ченемдик -укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.
Административдик кызматтардын кенже топтору үчүн:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Кызмат милдеттерин аткарууга зарыл деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Компьютердик сабаттулук жана керектүү программалар менен иштөө (Word, Excel, “ТОКТОМ Мамлекет Про” маалымат-укуктук системасы):
Административдик кызматтардын башкы топтору үчүн:
Реалдуу сектор башкармалыгы
Адистик билим деңгээли: “айыл чарба жана айыл чарба илимдеринин” төмөнкү багыттары боюнча жогорку билими: зоотехния, ветеринария тармагындагы биотехнология, жайыттарды башкаруу, балык уулоо жана аквакультура, “табигый илимдеринин” агрохимия жана агрожер кыртышын таануу, бак өстүрүүчүлүк боюнча жогорку билими.
Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы, же тиешелүү адистик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес эмгек стажы.
Кесиптик компетенциялары:
— “Кыргыз Республикасынын мал чарабасындагы асылдандыруу иши жөнүңдө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Аквакультура”, “Балык уулоо жана суу билогиялык ресурстарын коргоо” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
— Үрөн жөнүндө”, “Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотациялоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
— “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Ветеринария жөнүндө”; “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды иденфикациялоо”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 “Кыргыз Республикасынын асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 “Жаныбарларды иденфикациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 555 “Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары боюнча ветеринардык зоналаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;
-“Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө”, “Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө”, «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө”, “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 145 “Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүү тартиби жөнүндө жобосу;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин мамлекеттик ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобосу;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 697 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын үрөн чарбалары жөнүндө жобосу;
— мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү.
Стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгы
Адистик билим деңгээли: “айыл чарба жана айыл чарба илимдери” тармагынын бардык багыттары; “гуманитардык илим” тармагында эл аралык мамилелер багыттары боюнча жогорку билими; “экономика жана башкаруу” тармагынын экономика, менеджмент, маркетинг, бизнести башкаруу, бизнес-информатика, анализ жана башкаруу багыттары, макроэкономикалык пландаштыруу жана божомолдоо багыттары; “мамлекеттик башкаруу жана туруктуу өнүгүүнүн экономикасы” адистиги боюнча мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу; “технология жана азык-түлүк продукттарын өндүрүү” чөйрөсүнүн бардык багытындагы жогорку билими.
Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:
-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы, же тиешелүү адистик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес эмгек стажы.
Кесиптик компетенциялар:
-“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө” 2018-жылдын 17-майы № 239 токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы №1 38 “Евразия экономикалык бирлигинин алкагында иштерди уюштуруу жөнүндө” токтому,
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19- февралындагы № 111 “Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдерин бекитүү жөнүндө” токтому;
-мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү.
-чет тилин (англис тили зарыл учурда) билүү.
Билгичтиги:
-ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
-түзүмдүк бөлүктөрдүн көйгөйүн чечүүгө анализ, мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, жалпылоо, чечүү жолдорун көзөмөлдөө;
-чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана аларга жоопкерчиликти алуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөлүү учурлады өз убагында аныктоо жана чечүү;
— алдыга коюлган тапшырмаларды чечүү үчүн жаңы ыкмаларды пайдалануу
мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
-өз ишин жана түзүмдүк бөлүктүн ишин эффективдүү пландаштыруу;
-ведомство аралык өз ара катнашуу;
-чатактарды жөнгө салуу.
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Адистик билим деңгээли: “гуманитардык илим” чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташуу, америкатануу, европатануу, юриспруденция, аймак таануу, тарых, чет тили багыттарында; “экономика жана башкаруу” чөйрөсүндөгү экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг, менеджмент багыттарындагы жогорку билими.
Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:
-жалпысынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы 3 жылдан кем эмес, же тиешелүү адистик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес эмгек стажы;
Кесиптик компетенциялары:
-“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 “Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 25 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтото туруу жана денонсациялоо тартиби жөнүндө жобосу;
-Кыргыз Респуюликасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 451 “Мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин жана кызматчыларынын чет өлкөлүк кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
-мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү.
-англис тилин билүү — сөзсүз (TOEFL же эквивалент) 450 кем эмес жана жогору же англис тилин билгендигин тастыктаган башка документ ( окуу жайын англис тилинде аяктагандыгы тууралуу диплом /сертификат ж.б)
Билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
-коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
-өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
Административдик кызматтардын улук топтору үчүн:
Жаратылыш ресурстары башкармалыгынын суу ресурстар сектору
Кесиптик билим деңгээли: “техносфералык коопсуздук, айлана-чөйрөнү башкаруу жана гидрометеорология” тармагындагы айлана-чөйрөнү башкаруу жана суу менен пайдалануу багыттары боюнча; “табигый илимдер” тармагындагы гидрометеорология багыты боюнча, “суу ресурстары жана суу менен пайдалануу” тармагынын бардык багыты боюнча, суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу жана суу ресурстарын коргоо” тармагындагы гидромелиорация багыты боюнча жогорку билими.
Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
Кесиптик компетентүүлүгү:
-Кыргыз Республикасынын Суу кодекси;
-“Суу жөнүндө”, “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 “Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндө”, 2011-жылдын 13-августундагы № 466 “Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө”, 2015-жылдын 2-мартындагы № 92 “Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорду;
-мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү.
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
-коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;
-өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
Административдик кызматтардын кенже топтору үчүн:
Реалдуу сектор башкармалыгынын мал чарба жана ветеринария бөлүмү
Адистик билим деңгээлии: “айыл чарба жана айыл чарба илимдеринин” төмөнкү багыттары боюнча жогорку билими: зоотехния, ветеринария, ветеринария тармагындагы биотехнология, балык уулоо жана аквакультура, жайыттарды башкаруу.
Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:
— эмгек стажы талап кылынбайт.
Кесиптик компетенциялар:
-“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Ветеринария өнүндө”; “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды иденфикациялоо”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
-“Кыргыз Республикасынын мал чарабасындагы асылдандыруу иши жөнүңдө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Аквакультура”, “Балык уулоо жана суу билогиялык ресурстарын коргоо” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы №516 “Кыргыз Республикасынын асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 “Жаныбарларды иденфикациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 555 “Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары боюнча ветеринардык зоналаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;
-мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү.
Билгичтиги:
-документтерди, маалыматарды, суроолорго сапаттуу жоопторду даярдоо;
-ченемдик-укуктук актылар менен иштей билүү жана аларды иш жүзүндө колодонуу;
-компьютердик сабаттуулук.
Көндүмдөр:
-ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колодонуу;
-ишти пландаштыруу жана иш убактысын туура бөлүштүрүү;
-чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
-компьютердик сабаттулук жана керектүү программалар менен иштөө.
Реалдуу сектор башкармалыгынын дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмү
Адистик билим деңгээли: “айыл чарба жана айыл чарба илими” тармагынын агрохимия жана агрожер кыртышын таануу багыты, бак өстүрүүчүлүк, агроинженерия; айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы; “табият таануу илимдери” тармагынын биология, география, биоэкология, жер кыртышынын билими, жаратылышты колдонуу жана экология багыты; гуманитардык илим тармагында юриспрудениця багыты боюнча. жогорку билими;
Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:
-эмгек стажы талап кылынбайт.
Кесиптик компетенциялар:
-“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Үрөн жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы №145 “Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүү тартиби жөнүндө жобосу;
-мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү.
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчиликтин тапшырмаларын ыкчам жана сапатуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроолорго жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет мамлекеттик тажрыйбаларга анализ жүргүзүү жана аны практика жүзүндө пайдалануу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин эффективдүү пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жооп даярдоо;
-мамлекеттик жана расмий тилдерде иш боюнча кат алышуу;
-команда менен иштөө.
Стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын агроөнөржай кластерлери бөлүмү
Адистик билим деңгээли: “айыл чарба жана айыл чарба илимдеринин” бардык багыттарындагы; “экономика жана башкаруу” чөйрөсүндөгү экономика, мененджмент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг багыттарында; “технология жана азык-түлүк продукттарын өндүрүү”, “консервалардын жана тамак-аш концентраттарынын технологиясы, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы” чөйрөсүнүн бардык багыттарында; “автоматташтыруу жана башкаруу” чөйрөсүндөгү тамак-аш азыктарын стандартташтыруу жана сертификатташтыруу; “гуманитардык илим” тармагында юриспруденция багытындагы жогорку билимдер.
Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:
-эмгек стажы талап кылынбайт.
Адистик компетенциясы:
-“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө” 2018-жылдын 17-майы № 239 токтому;
-мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү;
-чет тилдерин билүүгө артыкчылык берилет.
Билгичтиги:
-маалымат топтоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык маалымат матриалдарын даярдоо;
-кошулган нарктын чынжырчасын жана кластерлерди өнүктүрүү, анын ичинде аграрадык кайра иштетүү жана агромаркетинг маселелери боюнча приоритеттүү багыттарды аныктоо, программлык жана өнүгүү пландарын иштеп чыгуу;
-оозеки жана жазуу түрүндө мыкты баарлашуу, адам менен сөз табышуу билгичтиги;
-стресс шарттарында иш алып баруу жөндөмдүүлүгү;
-тажрыйбалуу колдонуучу деңгээлиндеги компьютердик сабаттуулук (Microsoft Office:Word, Excel, PowerPoint) жана маалымат базасы менен башкаруу билгичтиги.
Контролдоо жана администартивдик колдоо башкармалыгынын
канцелярия жана лингвистика бөлүмү
Адистик билим деңгээли: “айыл чарба жана айыл чарба илими” тармагынын бардык багыттары; “гуманитардык илимдер” чөйрөсүндө тармагынын бардык багыттары, “экономика жана башкаруу” чөйрөсүнүн экономика, менеджмент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттары боюнча жогорку билими.
Эмгек стажы жана тажрыйбасы: эмгек стажы талап кылынбайт.
Кесиптик компентенциялары:
-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары,
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы № 463 “Электрондук кайрылуулар интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
-мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү.
Билгичтиги:
-оозеки жана жазуу жүзүндө өз оюн так билдирүү жана сабаттуу жазуу;
-топ менен иштөө;
-маалымат топтоо, талдоо, системага келтирүү, жалпылоо.
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Адистик билим деңгээли: “гуманитардык илим” чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташуу, америк атануу, европатануу, юриспруденция, чөлкөм таануу (региноведение), чет тили, тарых; “экономика жана башкаруу” чөйрөсүндөгү экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг, менеджмент. багыттарындагы жогорку билими.
Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:
-эмгек стажы талап кылынбайт.
Кесиптик компетенциясы:
-“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 25 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтото туруу жана денонсациялоо тартиби жөнүндө жобосу;
-мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү.
-англис тилин билүү — (TOEFL 400 кем эмес же тастыктоочу күбөлүгү менен Intermediate деңгээли);
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө:
Укуктук камсыздоо жана экспертиза башкармалыгы
Адистик билим деңгээли: “гуманитардык илимдер” чөйрөсүндө юриспруденция багытындагы жогорку билим.
Эмгек стажы жана тажрыйбасы:
— эмгек стажы талап кылынбайт.
Кесиптик компетенциялары:
— Кыргыз Республикасынын жарандык, эмгек, кылмыш-жаза, кылмыш-жаза процессуалдык, бузуулар, жер, токой, суу кодекстери, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Жерлерди которуу (трансформациялоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин
2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемеси менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн Регламенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 225 “Кызматтык колдонуу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө” токтомдору;
-мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү.
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
Коомчулук менен байланыштар бөлүмү
Адистик билим деңгээли: “гуманитардык илим” чөйрөсүндөгү филология, журналистика, политология, реклама жана коомчулук менен байланыш багытындагы жогорку билими.
Эмгек стажы жана тажрыйбасы:
-эмгек стажы талап кылынбайт.
Кесиптик компетенциялар:
— “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын «Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21-ноябрь 2017-жылдын №762 «Мамлекеттик маалыматтык системалардын маалымат базаларында камтылган маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын № 225 токтому менен бекитилген Кызматтык колдонуу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобосу;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-авгусутндагы №463 “Электрондук кайрылуулар интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
-мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү.
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлүүчү пресс-конференцияларды, интервьюларды жана маалыматтык-жарнамалык мүнөздөгү башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин билүү;
-министрликтин ишмердүүлүгүн маалыматтык камсыздоо менен байланышкан электрондук жана санариптик алып жүрүүчүлөрдү тариздөө, сактоо жана өткөрүп берүү тартиби билүү;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү аны практикада колдонуу;
-массалык маалма каражаттары менен үзүрлүү кызматташуу;
-кызматтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын карап чыгып аларга жоопторду жана даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилде иш боюнча кат алышуулар
Санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү бөлүмү
Адистик билим деңгээли: Адистик билим деңгээли: физика-математика илимдери жана фундаменталдык физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, башкаруу системаларын автоматташтыруу, телекоммуникация жаатында же эсептөө техникасы жана маалымат технологиялары жаатында; электротехника, радиотехника жана байланыш; автоматташтыруу жана башкаруу; маалымат коопсуздугу; гуманитардык илимдер тармагындагы юриспруденция, эл аралык кызматташуу адистиги боюнча; “экономика жана башкаруу” чөйрөсүндөгү экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг, менеджмент, бизнес башкаруу; айыл чарба жана айыл чарба илимдери; геодезия жана жерге жайгаштыруу багыттарындагы жогорку билими
Эмгек стажы жана тажрыйбасы: эмгек стажы талап кылынбайт.
Кесиптик компетенциялар:
-“Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Электрондук колтамга жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21-ноябры № 762 “Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябры № 759 “Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы №526 токтому менен бекитилген «Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы» автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобосу”;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-авгусутндагы №463 “Электрондук кайрылуулар интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т Тескемеси менен бекитилген “2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы”;
-мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү.
Билгичтиги:
-ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
-түзүмдүк бөлүктөрдүн көйгөйүн чечүүгө анализ, мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, жалпылоо, чечүү жолдорун көзөмөлдөө;
-чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана аларга жоопкерчиликти алуу ;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөлүү учурлады өз убагында аныктоо жана чечүү;
-алдыга коюлган тапшырмаларды чечүү үчүн жаңы ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
-өз ишин жана түзүмдүк бөлүктүн ишин эффективдүү пландаштыруу;
-ведомство аралык өз ара катнашуу;
-чатактарды жөнгө салуу.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— форма боюнча жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— автобиография (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— форма боюнча сүрөтү менен резюме;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү (эгерде эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даражасынын жана окумуштуулук наамынын ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2023-жылдын 15-ноябрынан 24-ноябрына чейин.
Конкурска катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Киев көчөсү, 96а, 315-каб. (Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү),
Байланыш телефону: 62 36 89
ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.