КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫНЫН   ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ,

 ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИ

Жалал-АбаД РЕГИОНАЛДЫК БАШКАРМАЛЫГЫ

 

Кадрлардын резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:

 

Жалал-Абад регоиналдык башкармалыгынын

улук  жана кенже кызмат орундары үчүн:

кесиптик билим деңгээли:

Табигый илимдер (биология, химия, география, биоэкология, экология жана жаратылышты пайдалануу, геоэкология, гидрогеология, геохимия, биохимия), токой ресурстарын кайра өндүрүү жана кайра иштетүү, токой чарбасы, биологиялык ресурстарды көзөмөлдөө, (картография жана геоинформатика), гуманитардык илимдер (юриспруденция), техникалык илимдер (геодезия жана дистанциялык зонд, жерге жайгаштыруу жана кадастр), айыл чарбасы (агрономия, жайыттарды башкаруу) боюнча жогорку билим

Улук  кызмат орундары үчүн:

Иш стажы жана тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы

Кесиптик компетенттүүлүгү боюнча төмөнкү мыйзамдарды билүү:

негизги мыйзамдар: КРнын Конституциясы, “Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”, КРнын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;

тармактык мыйзамдар: “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Суу жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө”

Кенже  кызмат орундары үчүн:

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү боюнча төмөнкү мыйзамдарды билүү:

негизги мыйзамдар: КРнын Конституциясы, “Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”, КРнын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

тармактык мыйзамдар: “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Суу жөнүндө” мыйзамдары

Талап кылынуучу документтер:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү.

Документтерди кабыл алуу жарыя ММКда чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Дареги: Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, Б.Осмонов көчөсү 130, 

Тел.: (03722) 4-05-11, (0553) 201 588

Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 9-00 дөн 18-00 гө чейин кабыл алынат.