Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Жогорку соттун аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын улук топтогу адмнистративдик кызматына (оператор-монтажер адистиги боюнча)
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 24-августу саат 17-30 га чейин жүргүзүлөт.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек.
Улук административдик кызмат ордуна (оператор-монтажер адистиги боюнча)
-оператор-монтажер тармагында жогорку билим;
-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызматтын стажы же 3 жылдан кем эмес адистиги боюнча иш стажы;
Жалпы мыйзамдар:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары” жөнүндө Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдырды билүү:
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Конституциялык мыйзамын;
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамын;
-Кыргыз Республикасынын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын;
-“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппараты жөнүндө” Жобосун;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын буйругу менен бекитилген кызматтык нускамасын;
-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
-Билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-элдин алдында сүйлөө;
-пресс-релиз, макала жана башка өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана расмий тилдерде тийиштүү материалдарды даярдап массалык-маалымат каражаттарына жарыялоо;
-жетекчиликтин тапшырмаларын ыкчам ишке ашыруу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
-документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдалуусун көзөмөлдөө;
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— мамлекеттик жана расмий тилде ишкердик кат алышуу;
-кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында ачып көрсөтүү жана чечүү;
-мамлекеттик тилден расмий тилине которуу жана кайрадан расмий тилинен мамлекеттик тилине которуу;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
-компьютердик жана социалдык тармактардагы иштөөнү билүү: (маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо, Интернет, эл.дарек ж. б.).
Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу.
-ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
-сапаттуу видеолорду тартуу жана монтаждоо;
-социалдык жана анимациялык роликтерди жасоо;
-телесюжет, атайын репортаж, бокс монтаждоо;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пресс-борборун техникалык жактан тейлөө;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун расмий сайтын иштетүү (материалдарды жарыялоо, видеоматериалдарды жүктөө жана маалыматтарды социалдык тармактарга таркатуу);
—ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
-мамлекеттик жана расмий тилдерде аналитикалык макалаларды даярдоо;
-коммуникациялык стратегиянын жана медиа пландын аткарылышын көзөмөлдөө;
-ММКлардагы маалыматтарды чогултуу, анализдөө жана жалпылоо.
Тандоого катышууну каалаган адамдар арызын жана документтерин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна: Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205 дареги боюнча 107-кабинетке тапшыра алышат.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон боюнча кайрылууга болот: 0312 66-15-13 (кадрлар бөлүмү).