Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү “Кыргызстандагы туруктуулук жана тынчтык үчүн укуктук жана социалдык аракеттер” долбоорунун жыйынтыктоочу Бетачарына катышышты

2020-жылдын 8-декабрында Дамас мейманканасында Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку Комиссарынын Башкармалыгы “Кыргызстандагы туруктуулук жана тынчтык үчүн укуктук жана социалдык аракеттер” долбоорунун жыйынтыктоочу Бетачарын өткөрдү.

Бетачарга бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, көрүнүктүү коомдук ишмерлер жана адам укугун коргоо жаатындагы серепчилер, ошондой эле Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери катышышты.

Бетачар маалында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский доклад менен сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө О.Тарбинский БУУнун Борбор Азиядагы адам укугу боюнча Кеңсесине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүүдөгү туруктуу жардамы үчүн ыраазычыгын билдирди. “2018-жылдан бери Мамлекеттик кадр кызматы жана БУУнун Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча Кеңсеси биргеликте жогорку окуу жайларынын жана колледждердин бүтүрүүчүлөр жана соңку курстарда окуган студенттер үчүн стажировкалык программаларын жүзөөгө ашырып келет. Ушул программа аркылуу үч жыл ичинде 120дан ашык жаш адамдар стажировкадан өтүштү”,-деди О.Тарбинский сөз сүйлөө учурунда.

Ошол эле маалда аталган программа бир гана стажировка жаатында гана эмес, ар түрдүү багытта иш алып барат. Айрыкча, майыптуулугу бар жарандарга, калктын аярлуу катмарына социалдык жактан жардам көрсөтүү боюнча бир катар долбоорлорду жүзөөгө ашырат.