Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиевдин Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосу

Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!
Урматтуу журналистер!

Сиздерди 7-ноябрь маалымат жана басма-сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Эзелтеден кылымдарды карытып келген улуу кыргыз эли сөз, калыс пикирге өзгөчө маани берип келген. Элибизде “баш кесмей бар, тил кесмей жок” деген накыл кеп бекеринен айтылбайт. Сөзгө чечен, акыйкаттыкты туу туткан инсандар илгертеден элибиздин сыймыгы болуп, сый-урматтын үстүндө жүрүшчү.

Азыркы мезгилде, өлкөбүздүн демократиялык өнүгүүсүндө маалымат жана басма-сөз тармагынын өкүлдөрүнүн эмгеги зор. Сиздер бүгүн курч калемиңиздер жана талыкпаган эмгегиңиздер менен мамлекетибиздин демократиялык пайдубалын бекемдеп келесиздер. Сиздердин курч макалаңар, мазмундуу жаңылыгыңар калың коомчулуктун купулуна толуп келүүдө.

Сиздер бир гана массалык маалымат каражаттарында гана эмес, өлкөбүздүн коомдук-саясий жана маданий турмушунда да жигердүү катышып келесиздер. Сиздер бар – кыргыз демократиясы бар!

Кесиптик майрамыңыздар куттуу болсун! Сиздерге чын ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат жана чыгармачылык эргүү каалайм! Бар болуңуздар, урматтуу журналистер!

Урматтоо менен
, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын
Директору
А.Маматалиев