Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурстун мөөнөтүн 2020-жылдын 1-декабрына чейин узартат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурстун мөөнөтүн 2020-жылдын 1-декабрына чейин узартат

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы 1-декабрына чейин узартат катышуу үчүн документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервине кабыл алуу боюнча сынакта

Улуттук резерв — мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.

Улуттук резервинде турган адамдарга берилген артыкчылыктар:

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 23-беренесинин 5-пунктуна ылайык, конкурс биринчи кезекте ички жана улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында өткөрүлөт.

Улуттук резерв кызматка кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби менен кызмат орундарын ээлөөдө, ошондой эле саясий кызмат орундарына дайындоодо пайдаланылышы мүмкүн.

Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кесипкөй жана башкарууга даярдалган кадрларды тартуу максатында Улуттук резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

  1. — документтерди кароо;
  2. — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө компьютердик тестирлөө;
  3. — практикалык тапшырма;
  4. — аңгемелешүү.

Иш стажына карата квалификациялык талаптар:

  • жогорку кызмат орду — мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы;
  • башкы кызмат орду — мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Улуттук кадлар резервинин конкурсунун ченемдик укуктук актылардын тизмеси

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер (скоросшивателге бекитип) тапшырылат:

тиркемеге ылайык формабоюнча өзүнүн арызы /public/images/file_library/202011061736077.docx ;

— тиркемеге ылайык формабоюнча резюме (форма боюнча), сүрөтү менен /public/images/file_library/2020110617364111.docx;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— копия паспорта (оригинал предъявляется по прибытии на конкурс).

Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2020-жылдын 1-декабрына чейин

Документтерди кагаз түрүндөй эле, электрондук вариантта да тапшыруу мүмкүн:

gov.kg аркылуу.

Документтерди электрондук вариантта тапшырууда кыйынчылыктар пайда болгон учурда баардык маселелер боюнча төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылыңыздар: 62-19-43; 62-02-86 (МККнын электрондук башкаруу бөлүмү), (0312).

  1. Кагаз вариантындагы документтерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын дарегине тапшырсаңыздар болот:

г. Бишкек, ул. Чуй 122, каб. тел.: 0312 62-01-30 (Панфилов көчөсү тарабынан)

же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын аймактык өкүлчүлүктөрүнө тапшырсаңыздар болот:

— Ош ш., Ленин көч, 221, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, Динирлан Сатыгулов, тел.: 03222 5-50-76, 0558 86-86-34;

— Джалал-Абад ш., Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, Марлен кызы Гулназ, тел.:03222 5-54-73, 0778 50-94-37;

— Баткен ш., Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Артыков Султан, тел.: 03622 5-14-29, 0772- 35-12-20;

— Нарын ш. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Мамбетова Жылдыз, тел.: 03522 5-23-00, 0708-32-43-15,

0774-17-09-18;

— г.Каракол, здание Полномочного представительства Правительства в Иссык-Кульской области, Мокешова Эльмира Койчумановна, тел.:03922 5-05-65, 0554, 0707 41-49-19;

— Талас ш., Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты,, Нуржанова Джузумкан Камбаровна, тел.: 0773 10-90-97, 0553 10-90-97; Абдыкадыр уулу Нурболот, тел.: 0703 75-40-32, 0777 75-40-32.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылыңыздар: тел.: 0312 66 01 49; 66-02-31; 0312 66 01 39.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР: эгерде документтердин бири жок болсо, же кандайдыр маалымат толук берилбесе, документтер кабыл алынбайт!

— Талас ш., Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, Нуржанова Джузумкан Камбаровна, тел.: 0773 10-90-97, 0553 10-90-97; Абдыкадыр уулу Нурболот, тел.: 0703 75-40-32, 0777 75-40-32.