Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын тестирлөө бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Ибраева: “Сынак-Тестирлөөнүн” башкы максаты — мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жогорку профессионалдуу, мыйзамдарды эң жакшы деңгээлде билген, кесипкөй, мыкты кадрлар менен камсыздоо болуп саналат”

Компьютердик тестирлөөгө катышуу үчүн талапкерлердин билдирмелери “E-Kyzmat” бирдиктүү Автоматташтырылган маалыматтык системага кадр бөлүмүнүн адистери тарабынан киргизилет.

Гүлнара Аштыкчиевна, компьютердик тестирлөө тутумунда бир катар жаңылануулар киргизилүүдө. Ушул жаңылануулар менен маегибизди баштасак? Ушул жаңылануулар менен маегибизди баштасак?

— Биринчи жаңылануу — бул Сынак-Тестирлөө аттуу жаңы компьютердик тестирлөө тутуму. Бул система E-Kyzmat Автоматташтырылган маалыматтык системанын биргелешкен модулу болуп саналат.

Бул модул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” Мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыкты. Жогоруда айтылгандай жаңы система мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик тейлөөнү санариптештирүү үчүн иштелип чыккан.

Компьютердик тестирлөөгө катышуу үчүн талапкерлердин билдирмелери “E-Kyzmat” бирдиктүү Автоматташтырылган маалыматтык системага кадр бөлүмүнүн адистери тарабынан киргизилет.

Ал эми электрондук билдирмелер Сынак-Тестирлөөнүн модулуна келип түшүп, макулдаштырылгандан соң гана тестирлөө графигине коюлат.

Талапкерлерге электрондук почта аркылуу тестирлөөнүн күнүн, өтө турган жерин жана убактысын камтыган атайын билдирүү жөнөтүлөт.

Тестирлөө башталганга чейин талапкерлер каттоодон өтүп, тестирлөөнүн эрежелери жөнүндө болгон видеоинструкция менен таанышуусу кажет. Тестирлөө өз убагында башталат.

Талапкерлерди каттоо Мамлекеттик каттоо кызматынын базасындагы талапкердин автоматтык идентификациясынын жардамы менен жүргүзүлөт. Бирок, тутум апробациядан өтүп жаткандыктан, тестирлөө учурунда талапкер паспортун жанында алып жүрүүсү зарыл.

Тестирлөө аяктагандан соң талапкер дароо тестирлөөнүн жыйынтыгы менен тааныша алат.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы талапкердин электрондук дарегине жана конкурстук тандоонун кадрдык адистеринин модулуна жөнөтүлөт.

Экинчи жаңылануу — тестирлөөнүн тартиби өзгөрүлдү.

Тест үч баскычтан өтөт.

Негизги тест өзүнө 30 суроону камтыйт, суроолор негизги нормативдик укуктук актыларды жана иш кагаздарды билүүдөгү талапкердин билимин текшерет. Кийинки тестке өтүү үчүн талапкердин босого балл катары туура жооптору 50%дан кем болбошу керек.

Негизги тестти ийгиликтүү аяктагандан кийин талапкер автоматтык түрдө предметтик тестке өтөт. Предметтик тест да 30 суроодон турат. Суроолор кайсы багыт боюнча бош кызматтык орунга ат салышса, ошол кызматына байланыштуу тиешелүү мыйзамдардан түзүлөт. Бул этапта да талапкердин туура жооптору 50 %дан кем болбошу зарыл.

Предметтик тестти ийгиликтүү аяктаса, талапкер тесттин үчүнчү түрүнө өтөт. Ал интегралдык тест деп аталат. Бул тестте суроолор логикалык мүнөздө болот. Бул тест өзүнө босого упайын камтыбайт. Бул тесттин жардамы менен талапкердин ой-жүгүртүүсү канчалык деңгээлде экендиги аныкталат.

Бул жаңыланууларды киргизүү канчалык деңгээлде зарыл эле? Деги эле бул жаңылануулардын жакшы жактарына токтолсок?

Компьютердик тестирлөөдөгү жаңылануулар мезгил талабы десем жаңылышпайм. Себеби, буга чейинки тестирлөө тутумунун мазмунунда мүчүлүштүктөр кездешчү. Мындайча айтканда, “аты бар, заты жок” деген принцип көп байкалып, бул барып-барып мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына ачык конкурстук тандоону деградацияга алып келмек.

Келечекте тестти профессионалдык маанилүү сапаттарды баалоого өткөрүү менен талапкерлердин буга чейинки нааразычылыктарын жаратып келген бир катар субъективдүү факторлордун жоюлушуна алып келет.

Айталы, мындай кадамдар менен мамлекеттик кызматка даярдалбаган, бышып-жетилбеген кызматкерлердин келишине бөгөт койот дейли, башка дагы кандай өзгөчөлүктөр бар?

Туура баамдадыңыз. Мындай кадамдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жетишерлик деңгээлде даярдалган эмес, бышып-жетилбеген кадрлардын келишине бөгөт койот. Бул комплекстүү максат жана ал максатты системдүү аракеттердин жыйынтыктары менен гана жүзөөгө ашырса болот.

Албетте, дагы бир топ өзгөчөлүктөр бар. Талапкерлер бир эле учурда кызматка кирүү учурунда зарыл болгон мыйзамдардын жалпы суроолорунун жоопторун билүү менен кызмат учурундагы мыйзамдардын суроолорун билишине жол түзүлөт.

Жыйынтыктап айтсам, “Сынак-Тестирлөөнүн” башкы максаты — мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жогорку профессионалдуу,

мыйзамдарды эң жакшы деңгээлде билген, кесипкөй, мыкты кадрлар менен камсыздоо болуп саналат.x Келечекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жалаң мыкты кадрлар топтолооруна ишенем, анткени “Сынак-Тестирлөө” өңдүү долбоорлор системдүү түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ишин жөнгө салат.