Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы 2019-жылдын санариптештирүү багытында аткарылган иш-чараларды жыйынтыктоо максатында статс-катчылар жана аппарат жетекчилер менен жыйын өткөрдү

2020-жылдын 23-январында Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо Концепциясынын «жол картасынын» 9-пунктуна ылайык «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте түзүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү электрондук базасын толтуруу багытындагы иш-чараларды жыйынтыктады.

Бул жыйында мамлекеттик органдардын 2020-жылга карата кызматкерлерди окутуу муктаждыктары жана «eKyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарынын толуктугу, аныктыгы, актуалдуулугу, жана ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан маалыматтарды санарип форматка өткөрүү деңгээли талкууланды.

Мамлекеттик органдардын 2020-жылга карата кызматкерлерди окутуу муктаждыктары жөнүндө Мамлекеттик кадр кызматынын Окутуу жана тышкы байланыш бөлүмүнүн башчысы М. Исраилов маалымат берди. Бул маалыматка ылайык 2020-жылы жалпы жонунан 3500 кызматкерди окутуу пландалып жатат. Мамлекеттик тапшырыкта ошондой эле Санариптик трансформациялоо жана Киберкоопсуздук багытунда дагы курстар каралган.

«e-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системасын толтуруу жана маалыматтарды санарип форматка өткөрүү жөнүндө Мамлекеттик кадр кызматынын Электрондук башкаруу бөлүмүнүн башчысы И. Шаршенова маалымат берди

. Бул маалыматка ылайык баардык мамлекеттик кызматкерлердин болжолдуу саны 16000 ден ашуун деп алсак, анда жалпы кызматкерлердин маалыматынын 51.6% гана санарип форматка өткөрүлгөн.

Бул багытта мамлекеттик органдар натыйжалуу иш алып барып, бул көрсөткүчтү 100% жеткирүүсү зарыл.

Эң жогорку жетишкендиктерди бул системаны ишке киргизүүдө, колдонууда жана маалыматтарды санариптештирүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы көрсоткөн.

Ошондой эле 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан «e-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системасында ийгиликтүү иш алып барып, системанын өнүгүшүндө, маалыматтарды санариптештирүүдө, ведомстволук жана территориалдык бөлүмчөлөрүнүн туташтырууда көрсөткөн ийгиликтери, зор салымы жана ишмердигинин эң жогорку жетишкендиктери үчүн төмөнкү статс-катчылар белгиленди:

  1. Конокбаев Талант Абдыкадырович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
  2. Кененбаев Чынгыз Токтобекович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
  3. Мамбетов Азамат Муратович – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;
  4. Шаршеев Айдин Омуралиевич — Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы.

«e-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системасында мамлекеттик органдардын адам ресурстарын башкаруу кызматтарынын кызматкерлери түздөн – түз иш алып барат. Бул кызматкерлердин ичинен дагы чоң жетишкендиктерди төмөнкү кызматкерлер көрсөткөн: Дооронбекова Жылдызкан Темесиновна, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүм башчысы

  1. Дооронбекова Жылдызкан Темесиновна, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүм башчысы
  2. Кендирбаева Гульмира Догдурбаевна, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин башкы адиси
  3. Токтобекова Айнура Жакшылыковна, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүм башчысы
  4. Маразыков Кубатбек Машаевич, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин инженер программисти
  5. Бакирова Светлана Омурбековна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын башкы адиси
  6. Немченко Марина Алексеевна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкы адиси
  7. Ураимов Алихан Ураимович, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн сектор башчысы.

Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасынан биринчилерден болуп «e-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системасына кошулуп, ал системаны колдонуп, жана эң чоң ийгиликтерди Жалал-Абад шаарынын мэриясы көрсөттү.

Тагыраак айтканда шаардын биринчи вице-мэри Адылбеков Майрамбек Алымбекович бул багытта эң чоң ийгиликтерди көрсөтүп, системаны жакшыртуу жаатында көп салым кошту!

Адылбеков Майрамбек Алымбекович, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри.

Бул иш-чараны жыйынтыктап жатып, санариптик трансформация масштабдуу процессинин катышуучулары бир ай мөөнөтүндө ички ведомстволук окутууларды уюштуруу жана 2020-жылдын 1-кварталынын аягына чейин кызматкерлердин маалыматтарынын электрондук форматын 51 пайыздан 100 пайызга чыгаруу милдеттерин коюшту.