ГКС КР

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы 2022-2023 жылдарга «Жаш лидерлер» (Young Leaders’ Programm) стипендиялык программасы боюнча кандидаттарды кабыл алуу башталганын жарыялайт

 «Жаш лидерлер» 2022-2023 жж. программасы

      Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы 2022-2023 жылдарга «Жаш лидерлер» (Young Leaders’ Programm) стипендиялык программасы боюнча кандидаттарды кабыл алуу башталганын жарыялайт.  
      Программа Азиянын жана башка мамлекеттердин жашоосунда актидүү катышууну каалаган жаш, перспективдүү адистерге багытталат.
      Аталган программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн Япониянын университеттеринде магистр даражасын алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Квалификациялык талаптар:
(1)«School of Government» программасы үчүн:
— Жарандыгы: Кыргыз Республикасы
— Жашы: 2022-жылдын 1-октябрына карата 40тан ашпаган (1982 жылдын 2-октябрынан кийин туулгандар).
— Англис тили: TOEFL-iBT 79дан көп, IELTS (Academic) 6.0 дөн көп (Окуу англис тилинде жүргүзүлөт).
— Окуу убактысы: 1 жыл (магистратуранын жылдык курсу)
— Иш тажрыйбасы: мамлекеттик органда 3 жылдан кем эмес, 2022-жылдын 1-октябрына мүмкүн болсо 5 жылдан ашык.
— Билими: Жогорку (адистиги же бакалавр боюнча диплом)
 (2)«Healthcare Adminiatration» программасы үчүн:
— Жарандыгы: Кыргыз Республикасы
— Жашы: 2022-жылдын 1-октябрына карата 40тан ашпаган (1982 жылдын 2-октябрынан кийин туулгандар)
— Англис тили: TOEFL-iBT 80ден көп, IELTS (Academic) 6.0 дөн көп, TOEFL-PBT 550 (диссертация талкуулоого жана даярдоого англис тили керек болот)
— Окуу убактысы: 1 жыл (магистратуранын жылдык курсу)
— Иш тажрыйбасы: мамлекеттик жана муниципалдык медициналык мекемелерде 2 жылдан кем эмес, 2022-жылдын 1-октябрына мүмкүн болсо 5 жылдан көп.
— Билими: жогорку (медицина багытында адистиги же бакалаврдын диплому.
   Эки тараптуу авиа чыгымдары төлөнөт жана ай сайын 2100$ өлчөмүндө стипендия каралган.
     Кандидаттардын баардык документтери (Арыздын формасы, медициналык форма, сунуш каты, эссе ж.б.) англис тилинде толтурулуусу шарт.  
      Документтерди кабыл алуу 2021-жылдын 15-ноябры саат 18.00гө чейин Мамлекеттик кадр кызматынын дарегине тапшырылуусу тийиш. (Чүй пр 122 үй, 311 бөлмө)
       Документтердин формасы Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында (www.mkk.gov.kg, в разделе Обучение служащих > Долгосрочные курсы обучения > Япония) жана Кыргыз Республикасынын Япония элчилигинин сайтында(www.kg.emb-japan.go.jp/itpr_ja/11_000001_00083.html) жайгашкан. 

      Байланыш:  620431, kr.sps@mail.ru   Мээримбек.