Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын КОДЕКСИ

 

 

2022 – жылдын 22 – июнунда Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин Ысык-Көл облусундагы Башкармалыгынын “Динамо” спорткомплексинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ысык-Көл облусунун облустук деңгээлдеги мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматкерлери арасында волейбол оюну боюнча спорт мелдеши өткөрүлдү.  Мелдеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгү жана Ысык-Көл облустук жаштар иштери, дене тарбия, спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Спорт мелдешке 6 мамлекеттик органдын командалары катышып, ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кукеева Гульнара Мукамбетовна, Ысык-Көл облустук юсимцмя башкармалыгынын башчысы Эралиев Таалайбек Каскаевич жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн кызматкери Карузаков Аскат Амангельдиевич.

Волейбол оюну боюнча мелдештин жыйынтыгы менен 3-орунду Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын, 2 –орунду Ысык-Көл облустук соттун, 1- орунду Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин Ысык-Көл облусундагы Башкармалыгынын командалары  утуп алышты. Жеңүүчүлөргө кубок жана медалдар тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү

        Мамлекеттик кадр кызматында 2021-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү. Отурум Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы алдында өттү.
         Отурумдун күн тартибин эки маселе түздү. Алар:
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин статс-катчысынын бош кызмат орунун ээлөөгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервинде турган талапкерлер менен аңгемелешүү (13 талапкер);
— Кыргыз Республикасынын экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысынын бош кызмат орунун ээлөөгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервинде турган талапкерлер менен аңгемелешүү (17 талапкер).
         Кеңеш тарабынан дайындоого сунуш кылынган талапкерлер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлөт.
         Андан тышкары, отурумдун жүрүшүндө Кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу иштериндеги бир катар маселелерин талкуулашты.

          КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы