Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлкеттик агенттиктин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевичтин 31- август Кыргыз Республикасынын эгемендик күнүнө карата куттуктоосу
Урматтуу мекендештер!
Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!
Бизге эгемендик оңойго турганы жок. Кылым кечирген көөнө тарыхыбызды эске алсак, доор бүктөмдөрүндөгү кыйын кезең, тайгак жолдор калкыбыз үчүн арбын болгонун билүүгө болот. Бирок улуу Манас баянында айтылгандай “түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз” аалам алкагынан жок болуп кетпей бүгүнкү күнгө жетип отурабыз. Тагдырдын тайкүлүгүндө оолжуп ордо куруп, дүйнөлүк державалар менен тең тайлашкан каганаттарды түзө алган күндөрүбүз дагы болгон экен. Ошентсе да, коогалуу өтмүштөрдөгү аталар каны, энелердин көз жашы, улуттук бийик рух менен эгемендикке жеттик.
Арийне бабалар жолун, улаган уул-кыздарыбыздан уучубуз куру эместигин айтпасак болбос. Анын айкын мисалы, мамлекеттин ар кыл тармагын алдыга сүрөп бараткан мекенчил инсандарыбыз менен дүйнөлүк аренада желегибизди желбиреткен сыймыктуу улан, кыздарыбыздын катары арбып баратканы.
Өлкөбүздүн мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштеринде 31 жылдык көз карандысыздыгыбыздын тарыхында бир катар ири реформалар жүргүзүлдү. 31 жыл ичинде мамлекеттик, муниципалдык кызматка татыктуу кадрларды даярдоо аракети көрүлдү. Учурда мамлекет башчыларыбыздын жаңы кадр саясаты жүрүп жатат. Жаңы доорго багыт алгандагы жаңы кадр саясаты, келечекте сөзсүз жемишин берет деп ишенебиз.
Бардыңыздарга бекем ден соолук, кажыбас-кайрат жана узун өмүр каалайм! Элибизде ынтымак, ар бир үйдө токчулук, мамлекетибизде тынчтык болсун!
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич