Компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын (мындан ары — жалпы мыйзамдар) көндүмдөрүн жана жалпы билимин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик «Сынамык тест» модулун пилоттук режимде ишке киргизди. Бул модуль агенттиктин ведомстволук сайтында (https://mkk.gov.kg) жайгаштырылган жана Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын билүү үчүн сынамык тестирлөөдөн өтүүнү каалаган ар бир адам үчүн жеткиликтүү.

«Сынамык тестирлөөнүн» суроолору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүүдөгү башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмесинин негизинде түзүлгөн.

Белгилей кетсек, “Сынамык тестирлөөнүн” суроолорунун базасы чектелүү жана Агенттиктеги жалпы мыйзамдарды билүү боюнча тестирлөөдөн өтүүдөгү суроолордон айырмаланат.

«Сынамык тестирлөөдөн» өтүүгө байланыштуу суроолор пайда болгон учурда тестирлөө бөлүмүнө т.: (0312) 66-04-56 же tcks2010@mail.ru электрондук дарегине кайрылсаңыздар болот, ошондой эле бул модулдун иши боюнча сын-пикирлериңиз жана сунуштарыңыз үчүн ыраазы болобуз.