Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отурумунун

КҮН ТАРТИБИ:

2022-жыл 29-июнь

Саат 16.00

  1. “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн жана Ленин айыл аймактарынын чек араларынын баяндамасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
  2. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарына караштуу             “Кызыл-Суу-2” калктуу конушун айыл категориясына киргизүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 15-февралы № 61-т

«Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасымын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жобонун 8-пунктуна ылайык, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1317-беренелерин жетекчиликке алып:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

КыргызРеспубликасынын МинистрлерКабинетинин Төрагасы А.Жапаров

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы оперативдүү башкармалыгынын аскердик-топографиялык кызмат бөлүмүнүн начальниги;

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров

 

Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин алдындагы
Администрациялык-аймактык
түзүлүштөрдүн маселелерин жана
географиялык аталыштарын кароо
боюнча ведомстволор аралык
комиссиянын мүчөлөрүнө
(тизме менен)

 

ТЕЛЕФОНОГРАММА

2022-жылдын 29-июнунда саат 16-00 дө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жыйындар залында өткөрүлөт (дареги: Чуй пр.122).

Күн тартиби жана күн тартибинде каралган мыйзам долбоорлору, тиешелүү документтер менен www.mkk.gov.kg. сайтынын “МСУ” бөлүгүнөн таанышсаңыздар болот.

Комиссиянын мүчөлөрү милдеттүү түрдө катышуусу зарыл (Комиссиянын курамы тиркелет).

Байланыш телефондору: (0312) 662576, (0555) 220372         Исалиева В.А.; (0312) 622559, (0555) 220371 Мендекеев Р.А.

 

Директор Э.Н. Джантаев

 

Мендекеев Р.А. 622509

Аламудун Токтом маал кат негиз Аламудун Токтом долбоор Аламудун проект пост Аламудун проект закона Аламудун пост Спр обосн Аламудун Мыйзам маал кат негиз Аламудун мыйзам долбоору (1) Аламудун Закон Спр обосн (1) 13-371 Границы от 01.06.22г (1) Аламудун мыйзам долбоору Аламудун Закон Спр обосн 13-371 Границы от 01.06.22г

Аламудун Токтом маал кат негиз (1) Аламудун Токтом долбоор (1) Аламудун проект пост (1) Аламудун проект закона (1) Аламудун пост Спр обосн (1) Аламудун Мыйзам маал кат негиз (1) Аламудун мыйзам долбоору (2) 13-371 Границы от 01.06.22г (2) Аламудун Закон Спр обосн (2)