Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги Мерсиконун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен кызматташуу боюнча меморандум түзүштү.

Кызматташуу тууралуу меморандумга Агенттиктин директору – Джантаев Эльчибек Нуржадыевич менен Мерсиконун кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору -Елена Борисовна Бурьян кол коюшту. Кол коюу аземине “Балдар тамагы жана билим берүү соода- сатыгы” долбоорунун аймактык менеджери -Залкар Камалов, ассистенти -Азиза Кочконбаева ошондой эле Агенттиктин кызматкерлери Ч.Ч. Ачикеева, М.Т. Исраиловдор катышты.

Кыргыз Республикасында жергиликтүү жамаатардын өсүп- өнүгүшүнө кызмат көрсөтүү менен гуманитардык жардамдарды, Мерсико (Mercy Corps) эл-аралык комерциялык эмес уюму 25 жылдан бери ишке ашырып келет.

АКШнын Айыл чарба департаменти тарабынан каржыланган МакГоверна-Доула “Балдар тамагы жана билим берүү соода- сатыгы” долбоору мектептердин инфраструктурасына, окуучулардын түшкү ысык тамактарына, мектептер менен бала- бакчалардын ашканаларынын жапдылышына кайтарымсыз бекер гранттарды берип келет. Жакынкы  беш жылдык программасына  тоолу аймактарда жашаган 400 мектептин окуучуларын түшкү ысык тамак менен камсыз кылууну максат кылууда.

Долбоор боюнча  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ордун баса белгилеп кетчү жагдай, мектептер менен бала-бакчалардын имараттары айыл өкмөттөрдүн муниципалдык менчиги болуп эсептелет. Андан тышкары долбоор  мектептер менен бала-бакчалардын инфраструктураларын, кампа, ашканалардын жабдыктарын жакшыртуу мен эл-аралык стандартка шайкеш келтирүүгө көмөк көрсөтүү менен айыл өкмөттөрдүн балансына өткөрүп берет. Ошодой эле долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мугалимдер, ашпоздор жана мектеп диреторлоруна мектептердеги ысык тамак уюштурууда биргеликтеги аракеттерди окутууну да өз ичине камтыйт.