Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 2025-жылдын 11-сентябрынан 22-сентябрына чейин административдик мамлекеттик кызматтардын БАШКЫ (Башчысы) тобуна кадрлар резервин түзүү үчүн сынак жарыялайт.
Административдик кызматтардын башкы (Башчысы) тобуна (Б-А) карата жалпы квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
1.Билими
– жогорку юридикалык билим
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы иш стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик тармактагы иш стажы 5 жылдан кем эмес
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Төмөкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4)Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамы;
7)Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
8)Кыргыз Республикасынын “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Мыйзамы;
9)Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
10)Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген 202-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”

Предметтик мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодекси, Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодекси;
– Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө»; «Инвестициялык фонддор жөнүндө»; «Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө»; «Административдик иштин жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө»; «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө»; «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө» мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 токтому менен бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобосу;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жана 2021-жылдын 29-январындагы № 3 «Менчикти коргоо жана ишкерлерди, инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыктары;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-мартындагы № 152 «Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 32 «Инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларга коштоо тартиби жөнүндө» токтому;
– билгичтиги:
– мамлекеттик тилди билүүсү 2025-жылдан тартып — орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2027-жылдан тартып — ортодон жогорку деңгээлден (В2) төмөн эмес;
– башка чет тилдерди орто деңгээлден жогору билүүсү;
– ишмердиктин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– структуралык бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилелерди талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– коюлган милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
– өз ишин жана структуралык бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
– көндүмдөр:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– структуралык бөлүмдү башкаруу (тапшырмаларды жана милдеттерди кол алдындагыларга сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө).
– маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
– натыйжалуу мамилелерди куруу, иш этикетинин ыкмаларын өздөштүрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында сүйлөө жана иш кагаздарын жүргүзүү;
– компьютерди жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык көндүмдөрдү билүү;

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл (көктөмөдө):
– сынактын комиссиясынын төрагасына жеке арызы;
– кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 2 дана сүрөт (3х4);
– резюмеси (электрондук почтасын көрсөтүү менен);
– өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
– акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– аскердик билеттин көчүрмөсү;
– паспорттун көчүрмөсү;

Документтерди кабыл алуу убактысы жана дареги: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Бишкек ш., Раззаков көчөсү, 8/1, 9-кабинет (Кадрлар бөлүмү).
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 11-сентябрынан 2025-жылдын 22-сентябрына чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин.
Сурап билүү телефону: (0312) 62 23 07, документтерди https://reserve.srs.kg/selection шилтемеси аркылуу дагы тапшырса болот.
Эскертүү: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышууга киргизилбейт.