Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, техносфердик коопсуздук, энергетика жана электроэнергетика, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият илимдери, гуманитардык илимдери, педагогикалык билим, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, маалыматтык коопсуздук, тоо-кен илимдери, айыл чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, электроника, радиотехника жана байланыш, техника илимдери, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билими, бухгалтердик эсеп жана анализ.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-апрелиндеги №159 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы эвакуациялык комиссиясы жөнүндө”,

2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө»,

2019-жылдын 6-майындагы №212 “Аймактарды топторго, уюмдарды — Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы №213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”,

2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”,

2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө”,

2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”,

2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”,

2019-жылдын 23-октябрындагы №569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”,

2019-жылдын 19-февралындагы №58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун,

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.

3.2.Билгичтиги:

— жарандар менен иштей билүү жөндөмү;

— жарандык коргонуу боюнча машыгуулардын материалдарын өз алдынча иштеп чыгуу;

— жарандык коргонуу боюнча буйрук, чечим, токтом, сунуштардын долбоорун даярдоо;

— жарандык коргонуу боюнча машыгуулардын материалдарын анализдөө жана жалпылоо;

— карталар менен иштей билүү жөндөмү.

3.3. Көндүмдөрү:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

— жеке арызын,

-кадрларды каттоо баракчасын,

-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен),

-резюмени (электродук даректи көрсөтүү менен), сүрөтүн;

— паспорттун көчүрмөсүн;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү;

—  нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);

— илимий даража же илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү.

Документтерди 2022-жылдын 29-майына чейин Кадр бөлүмчөсүнө тапшыруу керек.

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Ош шаары, Масалиева проспектиси 3, каб.2 (Кадр бөлүмчөсү), Байланыш телефондор: 0554 112 408, 0772 57 75 11

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине ылайык төмөндөгү административдик мамлекеттик кызмат орунуна сынак жарыялайт:

1.1. КР ӨКМдин борбордук аппаратынын Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын радиациялык-химиялык (бактериологиялык) коргоо жана медициналык бөлүмүнүн адиси –“К-Б” (Бишкек шаары)

Квалификациялык  жана жеке сапат талаптары:

Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргоо жаатында, аскердик билим берүү, саламаттыкты сактоо.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

Төмөнкүлөрдү билүү:

жалпы мыйзам актылары:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

3) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси.

тиешелүү тармак боюнча:

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө”;  “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө”;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: 1996-жылдын 12-апрелиндеги №159 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы эвакуациялык комиссиясы жөнүндө”, 2021-жылдын 10-мартындагы №87 “Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө”,  2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы №212 “Аймактарды  топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча  категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”,  2019-жылдын 6-майындагы №213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин  бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону  бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 23-октябрындагы №569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы №58 “Жарандык коргонуу боюнча  комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун.

 

Функционалдык  милдеттери:

— жогорку жетекчиликтин маалыматтык иш-кагаздарын алып барууну (корреспонденция) аткарат;

— өзүнүн компетенттүүлүгүнүн чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

— өзүнүн ыйгарым укутарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылуулардын кароо жана аларга консультация берүү.

 

Сынака катышуу үчүн төмөнкү иш-кагаздарын  тапшыруу зарыл:

-арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;

-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-өздүк баракча сүрөтү менен;

-паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Сынака катышуу үчүн бардык калоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн тартып 2021-жылдын 11-октябрына чейин төмөнкү даректер боюнча тапшыруу керек:

Бишкек шаары, Манас көчөсү, 101/1, 6-кабат, каб. 610 тел.: 323385

Кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (www.mes.gov.kg) жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын (www.mkk.gov.kg) сайттарынан  алса болот.

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.