Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы жана улук административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына ачык конкурс жарыялайт:

I. Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: инженердик-техникалык, архитектура жана курулуш, инженер-гидротехник.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосу, КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат жөнүндө жобосу.
3.2. Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
— алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3. Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
— маалыматтык талдоо, системамалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

II. Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика, бухгалтердик эсеп жана аудит, финансы.
— “1С бухгалтерия” программасын жогорку деңгээлде билүү жана сертификатынын болуусу;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Эмгек кодекси;
-Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 7-сентябрындагы №267 “Аскер кызматчыларына, жумуштан кеткен аскердик кызматчыларга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктери жөнүндө” жарлыгы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө»; 2014-жылдын 31-октябрындагы №620 «Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларынын акчалай акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу», 2008-жылдын 23-январындагы №22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө», 2014-жылдын 14-январындагы №29 “Аскер кызматкерлеринин айрым категоряларынын, укук коргоо органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Мамлекеттик фельдегер кызматынын кызматчыларынын акчалай маянасы жөнүндө”, 2005-жылдын 28-сентябрындагы №457 “Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын эмгегине акы төлөө боюнча кошумча чаралар жөнүндө”, 2014-жылдын 14-январындагы №28 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо;
-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу.
3.2. Билгичтиги:
— материалдык-жооптуу адамдардын товардык-материалдык баалуулуктарды жокко чыгаруу боюнча актылары, материалдык отчеттору менен иштөө тажрыйбасы болушу;
— кызматтарды жана материалдарды камсыздоочу менен эсептешүүлөрдү тактоону, камсыздоочуларды дебитордук карызды жабууну талап кылууну, кызматтарды жана товарларды, материалдарды камсыздоочу менен түзүлгөн келишимдин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү;
— бюджеттик конфигурациясындагы «1-С бухгалтерия» программасын жетишээрлик деңгээлде билүү;
— материалдык баалуулуктарды алуу үчүн ишеним каттарды берүү жана каттоо журналын жүргүзүүнү;
— статистикалык отчеттуулукту даярдоо жана тапшырууну;
-аванстык суммалар боюнча отчетторду талдоону;
— жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмдүү болушу;
— аналитикалык жана стратегиялык иш-кагаздарын даярдоо, презентациялык жөндөмдүүлүгү болушу;
— кызматтарды, жумуштарды жана материалдарды камсыздоочу менен түзүлгөн келишимдердин реестрин түзүүнү;
— мамлекеттик мүлк фондусунун негизги каражаттары боюнча жылдык инвентаризация жүргүзүүнү.
3.3. Көндүмдөрү:
-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш бакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

III. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
-баардык тармактагы жогорку билим, анын ичинен, эл аралык кызматташтык, чет тили, гуманитардык илимдери багыттар боюнча артыкчылык берилет.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Мамлекеттик протоколу жөнүндө», «Эл аралык келишимдери жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Эл аралык чукул жардам жөнүндө» мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: 2019-жылдын 28-майындагы №232 “Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө”, 2017-жылдын 19-июнундагы №389 “Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2015-жылдын 2-декабрындагы №817 “Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
— долбоорду демилгелөөнү, ишке ашырууну, анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү билүү;
— мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча долбоорлор менен иштөөнү билүү;
— чет элдик өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташтык боюнча документтерди талдоо жүргүзүүнү билүү;
— эл аралык уюмдардын кызматкерлери менен эффективдүү кызматташууну, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, тышкы жана ички кызматташууну билүү.
— эл аралык уюмдарга көрсөтүү үчүн долбоорлорду даярдоо талаптарын билүү;
— долбоорлордун ишке ашыруусун координациялоо боюнча тажрыйбанын болушу;
— коммуникабелдүү, демилгечи, стресске туруштук берүүсү;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө чет тилдерин билүү, англис тилине артыкчылык берилет.
3.3. Көндүмдөрү:
— чечимдерди ыкчам түрдө чыгаруу жана ишке ашыруу;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

IV. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юриспруденция;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы/
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы №313 “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы №570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентин.
3.2. Билгичтиги:
— Кыргыз Республикасынын укуктарынын нормаларын билүү жана аларды тажрыйбада колдонууну;
-Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларга экспертиза жүргүзүүнү билүү;
-сот органдарында отурумдарга катышуу боюнча тажрыйбанын жана жөндөмдүүлүктүн болушу;
-аналитикалык иш-кагаздарды түзүүнү, презентацияларды жасоо жөндөмдүүлүгү.
3.3. Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
— паспорттун көчүрмөсүн;
— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди 2022-жылдын 2-июнуна чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.612 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачык сынак жарыялайт 

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаментинин директорунун орун басары “Б-А” – Ош шаары

Квалификациялык  жана жеке сапат талаптары:

Билими— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: инженердик-техникалык, архитектура жана курулуш, инженер-гидротехник.

Стажы — мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы  (жетекчилик кызмат ордунда иштегендерге артыкчылык берилет).

Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү:

-компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө;

-компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта ж.б.);

-маалыматтардын чоң көлөмү менен иш жүргүзүү: жаңы маалыматты түзүү жана иштеп чыгуу;

-маалыматтарды жана билдирүүлөрдү көрсөтүү;

-колдонмо программалык продуктулардан жана сервистерден пайдалануу;

-уюштуру техникасы менен иштөө;

-маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жана ченемдик укуктук актыларды билүү;

-маалыматтык коопсуздук.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

жалпы мыйзам актылары:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы; Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;

жана тиешелүү тармактар боюнча:

— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин,

— Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамдарын;

— 2010-жылдын 5-мартындагы №130 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө”, 2021-жылдын 10-мартындагы №87 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө», 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”  токтомдорун;

Билгичтиги:

— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

— түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

— алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

Көндүмдөрү:

— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

— түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

Функционалдык  милдеттери:

— жалпы курулуш иштерин жүргүзүү, уюштуруу, эксплуатацияга берүү боюнча иш алып баруу;

— жаңы башталган курулуш объектилери боюнча келишим түзүүдө план-графикти бекитүү жана жумуштардын өз убагында башталуусун уюштуруу жана графиктин сакталышын көзөмөлдөө;

— курулуш жана долбоор иштеринин түзүлгөн келишимдин негизинде бүткөрүлүшүн көзөмөлдөө;

— курулуш иштери бүткөн объектилерди эксплуатацияга тапшырууда жумушчу жана мамлекеттик комиссияларды уюштуруу;

— долбоор иштери боюнча подрядчиктерге техникалык тапшырмаларды бекитип берүү;

— курулуш иштеринде пайда болгон көйгөйлөрдү ыкчам чечүү;

— авариялык калыбына келтирүү жумуштары, долбоорлоо иштери боюнча божомол пландарын иштеп чыгуу;

— мамлекеттик сатып алуулар боюнча сатып алуу мөөнөтүн аныктоо, уюштуруу иштерин жүргүзүү;

— айлык, кварталдык жана жылдык отчётторду өз убагында даярдоону тийешелүү бөлүмдөрдөн талап кылып, көзөмөл жүргүзүү;

— ар бир айда аткарылган иштердин көлөмдөрүн (форма 3) тактоо жана бекитүү;

— сметадан сырткаркы кошумча иштердин көлөмүн тактоо, бөлүм башчыларынан отчёт алуу жана кийинки айга тапшырма берүү;

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

-жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

— паспорттун көчүрмөсүн;

— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

Документтерди 2021-жылдын 10-ноябрына чейин төмөнкү дарек боюнча Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.610 Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.

Кошумча маалыматты КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (www.mes.gov.kg) жана КР Мамлекеттик кадр кызматынын (www.mkk.gov.kg) сайттарынан  алса болот.

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.