Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:

I.Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим: юриспруденция.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү үч жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому;
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын: “Өрт коопсуздугу жөнүндө”, “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун: 2018-жылдын 22-августундагы №381 “Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугунун эрежелери”, 2019-жылдын 6-майындагы №214 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө”, 2011-жылдын 29-апрелиндеги №196 “Өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен корголууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө”, 2007-жылдын 24-августундагы №368 “Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө”, 2012-жылдын 18-февралындагы №108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2018-жылдын 29-январындагы №56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобону.
— Бажы биримдигинин Техникалык регламенттери: “Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 006/2011); “Өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрттү өчүрүү каражаттарына талаптар жөнүндө” (ТР ЕАЭБ 043/2017).
3.2. Билгичтиги:
— маалыматтарды чогултуу, талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдө ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоону жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— ишке байланыштуу сүйлөшүүлөрдү алып баруу;
— жаңы эмгек шарттарына адаптациялоо;
— ченемдик-укуктук актылар менен иштөө;
— кызматкерлердин алдына так формулировкаланган милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— жеке жана юридикалык жактардын суроолору боюнча корреспонденциялар менен иш алып баруу;
— ишти пландоо жана кызматтык иш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
— оюн так жана аргументтүү баяндоо;
— компьютерди жана иш техникаларын, зарыл болгон Microsoft Office, Word, Excel, программаларын билүү;
— талдоо жана уюштуруу жөндөмдүүлүгү;
— стресстүү жагдайларда ыкчам чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгү.

II. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына:
Кесиптик билимдин деңгэээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: өрт коопсуздугу, электр менен камсыздоо, өрткө каршы техника жана коопсуздук, телекоммуникация, өнөр-жай жана жарандык курулуш, шаардык курулуш жана чарба, юриспруденция.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү үч жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому;
Предметтик мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын: “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө”, “Өрт коопсуздугу жөнүндө”, “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун: 2018-жылдын 22-августундагы №381 “Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугунун эрежелери”, 2019-жылдын 6-майындагы №214 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө”, 2011-жылдын 29-апрелиндеги №196 “Өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен корголууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө”, 2007-жылдын 24-августундагы №368 “Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө”, 2012-жылдын 18-февралындагы №108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2018-жылдын 29-январындагы №56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобону.
— Бажы биримдигинин Техникалык регламенттери: “Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 006/2011); “Өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрттү өчүрүү каражаттарына талаптар жөнүндө” (ТР ЕАЭБ 043/2017).
3.2.Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-ишмердиктин приоритеттүү багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон аракеттерди бириктирүү, талдоо жүргүзүү, божомолдоо, жалпылоо, мониторингдөө жана контролдоо;
-башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана анын кесепеттерине жоопкерчиликтүү болуу;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү;
-коюлган милдеттерди чечүү үчүн новаторлук кадамдарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
-өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— өрт коопсуздугу жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы боюнча ишкердик субъекттерине мамлекеттик көзөмөлдү (текшерүү) жана контролду жүргүзүү;
-ведомство аралык өз ара кызматташуу.
3.3. Көндүмдөрү:
-жеке жана юридикалык жактардын суроолору боюнча корреспонденциялар менен иш алып баруу;
— ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— ишти пландоо жана кызматтык иш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу.

III.Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: өрт коопсуздугу, электр менен камсыздоо, өнөр-жай жана жарандык курулуш, шаардык курулуш жана чарба, гидротехникалык курулуш, телекоммуникация, жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, техносфералык коопсуздук, автоматташтыруу жана башкаруу, юриспруденция.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө”, “Өрт коопсуздугу жөнүндө”, “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун: 2018-жылдын 22-августундагы №381 “Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугунун эрежелери”; 2019-жылдын 6-майындагы №214 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө”, 2011-жылдын 29-апрелиндеги №196 “Өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен корголууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө”, 2007-жылдын 24-августундагы №368 “Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө”, 2012-жылдын 18-февралындагы №108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2018-жылдын 29-январындагы №56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобону.
— Бажы биримдигинин Техникалык регламенттери: “Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 006/2011); “Өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрттү өчүрүү каражаттарына талаптар жөнүндө” (ТР ЕАЭБ 043/2017).
3.2.Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-ишмердиктин приоритеттүү багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон аракеттерди бириктирүү, талдоо жүргүзүү, божомолдоо, жалпылоо, мониторингдөө жана контролдоо;
-башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана анын кесепеттерине жоопкерчиликтүү болуу;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү;
-коюлган милдеттерди чечүү үчүн новаторлук кадамдарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
-өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-ведомство аралык өз ара кызматташуу.
3.3. Көндүмдөрү:
-жеке жана юридикалык жактардын суроолору боюнча корреспонденциялар менен иш алып баруу;
— ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— ишти пландоо жана кызматтык иш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер (скоросшивателде) тапшырылат:

— жеке арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), кадрларды каттоо баракчасын (сүрөттөрү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Эскертүү: Толук эмес же квалификациялык талаптарга жооп бербегендер конкурстук комиссиянын отурумунда каралбайт.
Байланыш телефон номерлери жана электрондук почтанын дареги көрсөтүлүшү керек.
Документтерди кабыл алуу орду жана убактысы: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы, дареги: көч. Манас проспектиси 101/1, 3-кабат, 301-кабинет, Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы. Сурап билүү телефону: 32-32-49 (9.00-17-00),
Документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 22-майына чейин (кошкондо).