Улук административдик мамлекеттик жарандык кызматынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
3) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
4) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
5) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— кайсы болбосун тармактагы жогорку кесиптик билим;
— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, энергетика жана электротехника, техникалык, айыл чарба, экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, табият таануу, архитектура жана курулуш, саламаттыкты сактоо, гуманитардык илимдер; өзгөчө кырдаалдардан коргонуу; эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, табият таануу илимдери; бухгалтердик эсеп жана аудит, каржы; педагогикалык.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын:
— 2000-жылдын 21-январындагы № 35 Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө;
— 2018-жылдын 24-майындагы N 54 “Жарандык коргонуу жөнүндө”
— 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;
— 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;
— 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”;
— 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө”.

Токтомдорду:
— 2011-жылдын 3-январындагы № 1 “Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
— 2017-жылдын 6-январындагы № 8 “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
— 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”;
— 2008-жылдын 23-январындагы № 22 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө”;
— 2014-жылдын 14-январындагы № 28 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”;
— 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
— 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө”;
— 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө”;
— 2019-жылдын 24-июнундагы № 315 “Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”;
— 2010-жылдын 17-декабры № 327 “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”
— 2021-жылдын 29-декабрындагы № 356 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
— 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө;
— 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”;
— 2014-жылдын 31-октябрындагы № 620 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларынын акчалай акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
— 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө”;
— 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө”.

3.2. Билгичтиги;
— документтердин, маалыматтардын, сурамдарга жооптордун сапаттуу даярдоого жөндөмү;
— командада иштей билүүгө жөндөмү;
— кызматтык алака, көңүл бөлүүгө, демилге көтөрө билүүгө жөндөмү;
— ири көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүүгө жөндөмү.

3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Кенже административдик кызмат орундарынын топтору үчүн билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— кайсы болбосун тармактагы жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы N 54 “Жарандык коргонуу жөнүндө”, 2000-жылдын 21-январындагы № 35 Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө; 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдарын,
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы №398 “Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартиптерин бекитүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 24-июнундагы № 315 “Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2010-жылдын 17-декабры № 327 “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2011-жылдын 3-январындагы № 1 “Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун
3.2. Билгичтиги;
— документтердин, маалыматтардын, сурамдарга жооптордун сапаттуу даярдоого жөндөмү;
— командада иштей билүүгө жөндөмү;
— кызматтык алака, көңүл бөлүүгө, демилге көтөрө билүүгө жөндөмү;
— ири көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүүгө жөндөмү.

3.3. Көндүмдөрү:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
— паспорттун көчүрмөсүн;

— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо).

Документтерди конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде Кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек.