Кыргыз Республикасынын ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орунуна конкурс жарыялайт.

 

I.Кенже административдик кызмат орунунун топтору үчүн төмонкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык: архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштуруу, геология, пайдалуу кен байлыктарды чалгындоо жана кайра иштетүү, техносфералык коопсуздук, гидрометеорология, экология, геофизика жана гидрогеология тармагындагы жогорку инженердик техникалык билим; табият таануу илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, физика-математика илимдери; информатика технологиялары.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому;

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү:

-компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө;

-компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта ж.б.);

-маалыматтардын чоң көлөмү менен иш жүргүзүү: жаңы маалыматты түзүү жана иштеп чыгуу;

-маалыматтарды жана билдирүүлөрдү көрсөтүү;

-колдонмо программалык продуктулардан жана сервистерден пайдалануу;

-уюштуру техникасы менен иштөө;

-маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жана ченемдик укуктук актыларды билүү;

-маалыматтык коопсуздук.

— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;

2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды — Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”,  2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”, токтомдорун, Кыргыз  Республикасынын Министрлер  Кабинетинин  2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу  Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жонундө жоболорун.

3.2. Билгичтиги:

  • изилдөө технологиялары жана ыкмалары боюнча билими;
  • маалыматтарды жыйноо, талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо боюнча билими;
  • кооптуу табигый кырсыктар мониторинги боюнча отчетторду түзүү;
  • жылына басып чыгуучу божомолдоо материалдарды түзүү;
  • жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмү болушу зарыл.
  • 3.Көндүмдөрү:
  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди маалыматтарды түзүү, презентация кылуу;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү.

3.4.Кызматтык милдеттери:

— келип түшкөн маалыматтарды чогултуу, инвентаризациялоо жана системалаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

— фондулук жана архивдик материалдарды топтоону жана талдоону жүзөгө ашырат;

— кооптуу табигый жана техногендик мүнөздөгү процесстер менен кубулуштар пайда болгон жерлерди каттоого алат;

— Департаментин божомолдук жана маалыматтык материалдарын картографиялык маалыматтар базасын түзүүгө катышат;

— маалыматтар базасына толуктоолорду киргизүү үчүн ыкчам маалыматтарга системалуу текшерүүлөрдү жүргүзөт;

— аткарылган жумуштардын натыйжалары боюнча белгиленген формада отчетторду түзөт.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

-жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме;

-паспорттун көчүрмөсү;

— эмгек китепчеси, кесиптик   билими, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтеридин нотариус аркылуу же персоналдарды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

Документтерди 2022-жылдын 4-августуна чейин КР ӨКМге караштуу ӨКМЖБ департаментинин кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адисине тапшыруу зарыл.

Байланыш телефону: 0558 789865, 0770  226277