УРМАТТУУ МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР!
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТИГИ
КРПМБА ЖАНА ХАННС ЗАЙДЕЛЬ ФОНДУ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ МАГИСТРАТУРА ПРОГРАММАСЫНА 08.06.2022-жылына чейин кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан — ары КРПМБА) жана Ханнс Зайдель Фонду менен биргеликте уюштурулуп жаткан «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыты боюнча магистратура программасына бюджеттик негизде 2023-жылдын 31-декабрына чейин окуу жана диплом берүү шарттары менен сынакка катышууга документтерди кабыл алууну жарыялайт:
«Жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу» (күндүзгү окуу);
«Мамлекеттик башкаруу» (кечки окуу, дистанттык окутуунун технологияларын колдонуу менен кечки окуу);
«Мамлекеттик сектордогу менеджмент» (дистанттык окутуунун технологияларын колдонуу менен кечки окуу).
Сынакка 35 жашка чейинки мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катыша алат. Аларда жогорку билими тууралуу диплому (бакалавр) же толук жогорку кесиптик билими жөнүндө диплому болуусу зарыл жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде үзгүлтүксүз 2 жыл иш стажы бар кызматкерлер катыша алышат.
Жана сынакка 43 жашка чейинки мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катыша алат. Аларда жогорку билими тууралуу диплому (бакалавр) же толук жогорку кесиптик билими жөнүндө диплому болуусу зарыл жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде үзгүлтүксүз 5 жыл иш стажы бар кызматкерлер катыша алышат.
Документтерди жана кирүү экзамендерин кабыл алуу 2022-жылдын 10-майынан тартып 30-майга чейин жүргүзүлөт.
Кабыл алуу үчүн документтер:
2022-жылдын 10-майынан тартып техникалык катчыга төмөнкү документтерди тапшырыңыз:
ректордун наамына абитуриенттен арыз;
1) паспорттун көчүрмөсү;
«бакалавр» академиялык даражасын ыйгаруу менен жогорку билими жөнүндө дипломдун түп нускасы же тиешелүү багыт же адистик боюнча «адис» квалификациясы бар жогорку билими жөнүндө диплом;
2) 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт – 4 даана жана электрондук форматы;
3) иштеген жеринен үзгүлтүксүз иш стажын тастыктаган маалым кат;
4) кадр бөлүмү тарабынан тастыкталган эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
5) иштеген жеринен жетекчинин сунуштама каты;
6) таржымал (резюме) уюлдук байланыш телефондору менен));
7) «Эмне үчүн мен бул программаны тандап алдым» аттуу мотивацияллык видеобаян (узактыгы 3 мүнөттөн ашык эмес);
документтерди кабыл алуу үчүн төлөм — 500 сом (квитанциянын көчүрмөсү).
ТӨЛӨӨ РЕКВИЗИТТЕРИ:
КРПМБА
Бишкек шаары, Панфилова көчөсү 237
ОКПО 20134458
ИНН 01704199210085
Регистр. № СФКР 01-00008-02
Спец. счет
Банк Центральное Казначейство МФ КР
БИК 440001
р/сч. 4402011103016454
Первомайский РОК
Код ГНИ 004
Платеждун коду 14232100
Ханнс Зайдель Фонду менен биргелешкен магистратура программаларына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кабыл алуу эрежелеринин негизинде документтерди текшерүү, мотивациялык видеобаянды, тематикалык дилбаянды жана маектешүүнү баалоо, ошондой эле жумушка кабыл алуу квоталарын жана гендердик квотаны эске алуу менен эң жогорку балл алган абитуриенттердин тизмесин түзүү – аялдардын 40% кем эмеси жүргүзүлөт.
Жыйынтыктарды жарыялоо. Окууга сунушталган тизмелер маалыматтык тактада жана Академиянын сайтында – http://www.apap.kg жайгаштырылган.
Академия, Ханнс Зайдель Фонду жана окууга өтүүгө сунуштаган жак менен үч тараптуу келишим түзүлгөндөн кийин сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча 1-курска кабыл алынат.
Толугу менен кененирээк маалыматты КРПМБАнын сайтынан http://www.apap.kg «Жаңылыктар» жана «Абитуриент-2022» бөлүмдөрүнөн же КРПМБАнын проректору, жоопту катчы Баймулдинова Анара Токталиевнадан ала аласыздар: (0312) 62-30-98, (0312) 62-31-36, моб. тел.: 0551 705 71