Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү

2021-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Отурумда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысынын жана КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жалпы маалымкаттарын кароонун жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынды

Отурумда ошондой эле КР Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысынын кызматтык жоопкерчилиги боюнча маселе каралып, кеңештин тиешелүү сунушун КР Өкмөтүнө жөнөтүү макулдашылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын статс-катчысынын арызын кеңеш карап чыгып, берген арызынын негизинде аны кызматтан бошотуу сунушу КР Өкмөтүнө жөнөтүлдү.

Кеңештин жыйынында мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү бирдиктүү кадр саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын отчеттору угулду. Анын жыйынтыгы менен КР Адилет министрлигинин жана КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун статс-катчыларынын отчеттору кеңеш тарабынан канаттандыраарлык деп табылды.

КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү

2021-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Отурумда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысынын   жана КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жалпы маалымкаттарын кароонун жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынды.  