Мамлекеттик кадр кызматында JDS долбоорунун 2022-2023-жж. Жапон эл аралык кызматташтык Борбору (JIKE) менен кызматташтык боюнча контрактка кол коюлду

         КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев бүгүн, 2021-жылдын 6-сентябрында JDS долбоорунун (Жапония) Кыргыз Республикасындагы менеджери Сакауе Харуканы кабыл алды. Жолугушуунун башында Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы А.Маматалиев конокту жылуу кабыл алып, азыркы тапта Жапон Өкмөтү менен КР Мамлекеттик кадр кызматынын ортосундагы JDS долбоорунун алкагында кызматташтыктын өнүгүп жатышына канаттандырарлыгын билдирип, мындан аркы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу багытындагы кызматташтыктын өнүгүүшүнө үмүтү зор экендигин белгилей кетти.

         Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Абдырахман Маматалиев менен JDS долбоорунун менеджери Сакауе Харуканын жолугушуусунун алкагында JDS долбоорунун 2022-2023-жж. Жапон эл аралык кызматташтык Борбору (JIKE) менен кызматташтык боюнча контрактка кол коюлду. Мамлекеттик кадр кызматынын директору жаңы кол коюлган контракт JDS долбоорунун сапаттуу ишке ашуусуна жана бул долбоорго мамлекеттик жана мцниципалдык кызматчылардын арасынан потенциалдуу талапкерлердин катышуусун камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө токтолду. “JDS долбоорунун 2022-2023-жж. жүзөөгө ашыруу боюнча контрактка кол коюлушу кадрларды окутуу багытындагы маанилүү реформа болуп саналат. Ошондуктан, биздин Жапон эл аралык кызматташтык Борборундагы коллегаларыбызга ыраазычылыгымды билдирем. Себеби, өлкөбүздүн бул багытында  жаралып жаткан көйгөйлөрдү сиздер жакындан билип, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тутумун реформалоодогу биз жасап жаткан аракеттерге сиздер өз көмөк көрсөтүүңүздөрдү улантып келе жатасыздар”,- деди жолугушуу учурунда А.Маматалиев. Жолугушууга ошондой эле күбө иретинде өлкөбүздүн каржы жана экономика Министрлигинин статс-катчысы Улукбек Календеров да катышты.

 

         КР Мамлекеттик кадр кызматынын пресс-кызматы