Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс менен жолугушту

ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси Мамлекеттик кадр кызматына техникалык жардам көрсөттү

26-февраль, 2021-жылы КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс менен жолугушту.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору кеңсе башчысын жылуу кабыл алып, ЕККУга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекеттик кызматка келүүсүндө жана иштөөсүнө көрсөтүп жаткан зор жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору, МКК менен ЕККУнун ортосундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматына талапкерлердин кесипкөйлүк сапатын аныктоочу компетентүү тестерин түзүү боюнча аткарылып жаткан иштерин жогору баалады.

МКК башчысы ошондой эле кеңсе башчысына кадрдык саясатты реформалоонун алкагында КР Президентинин “Жаңы мамлекеттик кадрдык саясат жөнүндө” Жарлыгы чыккандыгын, ал Жарлыкта мамлекеттик жана муниципалдык кызматка прогрессивдүү ой жүгүрткөн, эл алдында өзүнүн жоопкерчилигин сезе билген, тиешелүү квалификациялык талаптарга жооп берген, адеп-ахлахтык сапаттары жогору кадрларды тартууга басым жасала тургандыгын жана жаңы кадрдык саясаттын эң негизги багыты мамлекеттик жана муниципалдык кызматка дайындоо сөзсүз түрдө таза конкурстук тандоо аркылуу жүргүзүлөт. адеп-ахлахтык сапаттары жогору кадрларды тартууга басым жасала тургандыгын жана жаңы кадрдык саясаттын эң негизги багыты мамлекеттик жана муниципалдык кызматка дайындоо сөзсүз түрдө таза конкурстук тандоо аркылуу жүргүзүлөөрүн баса белгиледи.

Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс Мамлекеттик кадр кызматынын башчысына, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Элчи мырза ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси мындан ары да мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматка келүүсүнө жана алардын конкурстук тандоосун компетентүү-багыттуу суроолору менен жакшыртууга көмөк көрсөтө берерин ишендирди.

Жолугушуунун соңунда, Мамлекеттик кадр кызматынын директору жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, ЕККУ тараптан жардам иретинде келген техникалык жабдыктар менен таанышып, аларды тапшыруу. кабыл алуу аземин өткөрүштү.