Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев “БУУ – Айымдар” Түзүмүнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев 2021-жылдын 2-мартында “БУУ – Айымдары” Түзүмүнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү Улзийсурен Жамсран жана Сагипа Джусаева менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана башка эл аралык өнөктөштөргө гендердик теңдикти камсыздоо ишинде мыкты эл аралык серепчилерди тартуудагы “БУУ – Айымдары” Түзүмүнүн активдүү ишмердүүлүгү белгиленди.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев жолугушуунун катышуучуларына кадрдык саясатты реформалоонун алкагында Президент Садыр Жапаров тарабынан “Жаңы мамлекеттик кадрдык саясат жөнүндө” Жарлыгы чыккандыгын маалымдап, ал Жарлыкта мамлекеттик жана муниципалдык кызматка прогрессивдүү ой жүгүрткөн, эл алдында өзүнүн жоопкерчилигин сезе билген, тиешелүү квалификациялык талаптарга жооп берген, адеп-ахлахтык сапаттары жогору кадрларды тартууга басым жасала тургандыгын жана жаңы кадрдык саясаттын эң негизги багыты мамлекеттик жана муниципалдык кызматка дайындоо сөзсүз түрдө таза конкурстук тандоо аркылуу жүргүзүлөөрүн баса белгиледи. адеп-ахлахтык сапаттары жогору кадрларды тартууга басым жасала тургандыгын жана жаңы кадрдык саясаттын эң негизги багыты мамлекеттик жана муниципалдык кызматка дайындоо сөзсүз түрдө таза конкурстук тандоо аркылуу жүргүзүлөөрүн баса белгиледи.

Ошондой эле жолугушуу учурунда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн арттыруу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына (акимдерине) жана алардын орун басарларына аттестация жүргүзүлөөрүн жана бош кызмат орундарына мыкты, кесипкөй кадрларды тартуу максатында кадрлар резерви түзүлөөрү айтылды.

Жолугушууда Мамлекеттик кадр кызматы жана “БУУ-Айымдары” Түзүмү эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө керектигин билдиришип, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын гендердик-компетенттүү квалификациясын жогорулатуу үчүн биргеликте онлайн-окутууну иштеп чыгуу, аялдар менен эркектердин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматына келишиндеги жана карьералык тепкичтен өсүшүндөгү тең укукту камсыздай турган онлайн сыналуучу тестирлөөнү иштеп чыгуу жана киргизүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тармагындагы жаңы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу үчүн эксперттик жумушту өткөрүү жана “БУУ-Айымдары” Түзүмүнүн өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын кадрларды өнүктүрүү жана түзүүнүн Мамлекеттик стратегиясынын долбооруна катышуу жана талкуу учурунда өздөрүнүн сунуштарын берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү боюнча бир пикирге келишти.

Жолугушуунун соңунда Мамлекеттик кадр кызматынын директору “БУУ-Айымдары” Түзүмүнө Кыргыз Республикасына мамлекеттик кызматтагы гендердик теңдикти өнүктүрүү тармагындагы көрсөтүлүп жаткан жардамына ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да “БУУ-Айымдары” Түзүмү менен кызматташтыкты бекемдөөгө бардык аракетин жумшаарын билдирди.