Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев 2020-жылдын 5-декабрында иш-сапар менен Ош шаарында болду.

Иш-сапардын жүрүшүндө А.Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнө мындан ары кадр саясатын жөнгө салуу максатында жаңыча иштөө тартиби боюнча багыт берди. Ошондой эле А.Маматалиев Ош шаарындагы Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин иштөөсүнө түзүлгөн шарт жана аймактык тестирлөө борборунун ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, өкүлчүлүктүн жалпы эмгек жамааты менен жыйын өткөрдү.

Жыйында алгач А.Маматалиев Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жамааты менен таанышып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртуу максатында жамаатка бир катар тапшырмаларды берди. Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев учурда Улуттук кадрлар резервинде Ош шаарынан болгону төрт гана резервист бар экендигин маалымдап, бул өтө эле аз экендигин белгилеп кетти.

“Башынан эле түштүк аймактан, анын ичинен Ош шаарынан мамлекеттик кызматта өзүнүн жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн көрсөткөн, мыкты кадрлар болуп келген. Андай мыкты кадрлар азыр да бар, арасынан айрымдары жумушсуз жүрүшөт. Мына ушундай кадрларды Улуттук кадрлар резервине тартып, мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызматтагы бош кызмат орундарына дайындоо мезгил талабы, мына ушундай кадамдар менен кадрдык саясатты жөнгө салсак болот”,- деп баса белгиледи А.Маматалиев.

Андан тышкары, жыйын учурунда мурда мамлекеттик кызматка алууда тааныш-билиш факторлору, кайсы бир партияга иштегени үчүн кысым көрсөтүлүп келсе, эми мындан ары андай факторлорго бөгөт коюлат. Мамлекеттик кызматка мыкты иштеген, кесипкөй кадрларды Улуттук кадрлар резервине алып, тиешелүү кызмат орундарга дайындап, кадр саясатын жөнгө салуу керек экендигин А.Маматалиев жыйын учурунда билдирди.