Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев статс-катчылар менен жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын жыйындар залында мамлекеттик органдардын статс-катчылары менен алгачкы жолугушуусун өткөрдү.

Жолугушууда алгач Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев сөз сүйлөп, статс-катчылар менен жолугушууну салтка айландыруунун зарылдыгын билдирди. Ошондой эле Мам.кадр кызматынын башчысы Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр С.Жапаров менен болгон жолугушуу тууралуу кеп козгоду. “Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров мамлекеттик кызматты реформалоо учурдун башкы талабы катары эсептейт, аны аткаруу вазыйпасы бизге, мамлекеттик органдарга жүктөлдү. Олуттуу кадрдык реформаларды жүргүзүү зарыл. Биз министрлик жана ведомстволордун санын кыскартууга баруубуз керек. Алган билим жана тажрыйба ээлеген кызматына толугу менен дал келүүсү тийиш. Министрликтердеги жана ведомстволордогу конкурсттук комиссиясынын курамын тазалоо мезгил талабы. Андан тышкары, мамлекеттик кызматты жакшыртуу максатында Өкмөттө комиссия түзүлөт. Ошондой эле ар бир мамлекеттик органда атайын комиссия түзүлөт. Ал комиссиянын катарында татыктуу адистер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери, эксперттер, жаштар жана калың коомчулуктун өкүлдөрү болуусу абзел. Мурда түздөн-түз дайындалгандар эми конкурс менен дайындалат. Мамлекеттик кызматка репутациясы таза кадрлар келиши керек. Дайындоо тартибин өзгөртүү зарыл. Улуттук кадрлар резервинин базасында карьердик резерв түзүлөт. Мугалим финансист боло албагандай эле, инженер да дарыгер боло албайт. Ар бири өз ордуна отуруп, өлкөгө пайда алып келиши кажет деген позициясын билдирди. Андыктан реформаны тездетүү зарыл”- деп билдирди жолугушуу учурунда А.Маматалиев.

Жолугушуу учурунда кураторлук институтун киргизүү, статс-катчылар институтун кеңейтүү, Улуттук кадрлар резерви, кызматчылардын потенциалын жогорулатуу, кызматчылардын ишин баалоо, мамлекеттик кызматка кадр тандоодо, даярдоодо, кадрдын квалификациясын жогорулатууда жана жетекчилик кызматка дайындоодо бир катар реформаларды жүргүзүү, иштеп чыгуу жана ошондой эле кадр тандоодогу баардык конкурстук категорияларды, аттестация жүргүзүү өңдүү өзөктүү маселелер талкууга алынды.

Айрым мамлекеттик органдардын статс-катчылары мамлекеттик кызматты жакшыртуу алкагында бир топ демилгелерин жолугушуунун жүрүшүндө сунушташты. Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ар бир демилгеси эске алынаарын билдирди.

Жолугушуунун соңунда А.Маматалиев статс-катчылардын жооптуу ишине ийгилик каалап, мамлекеттик кызматты жакшыртуу үчүн биргеликте иш алып барууга чакырды.

Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы