Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери иш-кагаздарды жүргүзүүдөгү электрондук Система менен таанышышты

Үстүбүздөгү жылдын 11-12-мартында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын адистери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлерине иш-кагаздарды жүргүзүүдөгү электрондук системаны ишке киргизүү боюнча окутууларын өткөрүштү.

Эки күн ичинде тиешелүү тармактын адистери МККнын кызматкерлерине иш-кагаздарды жүргүзүүдөгү жаңы, заманбап ыкмалардын теориясын жана аны практикалык түрдө колдонууну үйрөтүүгө үлгүрүштү. Андан тышкары, “Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери окутуу учурунда Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлеринин жаңы система боюнча бардык бүйүр кызыткан суроолоруна жооп беришти.

МААЛЫМ КАТ: Иш-кагаздарды жүргүзүүдөгү электрондук Системасы иш-кагаздарды жаратууда, даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана жүзөгө ашырууда ыкчамдуулукту камсыз кылат.