Мамлекеттик кадр кызматы Карьералык кадрлар резервин түзүүгө киришти

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы маалымдайт:

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр С.Жапаров менен Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиевдин жолугушуусунун жыйынтыгы менен Мамлекеттик кадр кызматы Карьералык кадрлар резервин түзүүгө киришти.

Карьералыккадрларрезерви Улуттук кадрлар резервинен, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ички кадрлар резервинен, ошондой эле тажрыйбалуу, квалификациясы жогору жетекчилерден жана адистерден, жаштар өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Тандоо учурунда өлкөнү өнүктүрүү үчүн иштей турган жаш муунга өзгөчө басым жасалат.

Улуттук жана Карьералык кадрлар резервинде турган адамдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жогорку жана башкы, өзгөчө тартипте дайындала турган (б.а. министрлердин орун басарлары жана Өкмөттүк Аппараттын эксперттери, кызматкерлери жана башка мамлекеттик кызмат орундар) бош кызмат орундарына дайындоого сунушталат.

Эгерде Сиз:

— Кыргыз Республикасынын жараны;
— тажрыйбалуу жана квалификациясы жогору жетекчи жана адис;
жаштардын өкүлү;
— мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундары үчүн конкурсттук тандоо процедурасына өткөн эмес болсоңуз;
— мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына конкурсттук тандоонун жыйынтыгы боюнча дайындалган эмес болсоңуз.

Анда Сиз Улуттук жана Карьералык кадрлар резервинин катарын толуктай аласыз.

Мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо жана жакшыртуу багытында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жаш жана таза профессионалдарды алып келүү максатында, Мамлекеттик кадр кызматы бардык каалоочуларды конкурска катышуу үчүн документтерди тапшырууга чакырат.

Документтерди Мамлекеттик кадр кызматына 2020-жылдын 1-декабрына чейин тапшыруу керек (Чүй пр., 122, 314-каб).

Конкурска катышуу үчүн керек документтер:

  1. форма боюнча жеке арыз /public/images/file_library/2020110623191210.docx ;
  2. форма боюнча сүрөтү менен кошо резюме /public/images/file_library/2020110618054215.docx ;
  3. негизги жана кошумча билими бар экендигин тастыктоочу документтердин көчүрмөсү, нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  4. нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  5. илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  6. паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Кошумча маалыматты: 66-01-49, 66-02-31 телефону аркылуу жана МККнын сайтынан http://www.mkk.gov.kg/news/view/idnews/442 алсаңыз болот.