Мамлекеттик кызматка талапкерлердин компьютердик тестирлөөсү убактылуу токтотулду

Мамлекеттик кадр кызматы маалымдайт: Өкмөттүн вирустук инфекциянын жайылышына жана массалык түрдө адамдардын чогулушуна жол бербөө боюнча иш-чарасынын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык административдик кызмат орундарына талапкерлердин компьютердик тестирлөөсү убактылуу токтотулду.

Буга чейин компьютердик тестирлөөгө катышыш үчүн берилген өтүнмөлөр карантин мөөнөтү бүткөндө өтүү убактысы кайрадан белгиленет.