Мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча онлайн-окутууда жалпы тестирлөөнү ийгиликтүү тапшыргандарга тастыктама берилди

2020-жылдын 2-декабрында КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинскийдин «Жарандык демилгенин интернет саясаты» Коомдук фондунун директору Татту Мамбеталиева жана ЕККУнун Бишкектеги адамдык ченөө Департаментинин программалык кеңсесинин жетекчиси Юлия Нетесова менен жолугушуусу болуп өттү.

“Жарандык демилгенин интернет саясаты” Коомдук фонду ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси менен биргеликте персоналдык өздүк маалыматтарды сактоо боюнча онлайн-курстар иштелип чыккан.

2020-жылдын августунан сентябрьга чейин “Жарандык демилгенин интернет саясаты” Коомдук фонду мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча онлайн-курс өткөрдү. Окутуу учурунда катышуучулар эл аралык стандарт, өздүк маалыматтарды сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, санарип гигиенасы, киберкоопсуздуктун жөндөмдөрү, санарип экономика жана санарип сабаттуулук түшүнүктөрү менен жакындан тааныша алышты.

Онлайн-курска 32 мамлекеттик органдан 100 кызматкер катышып, окутуунун жана жалпы тестирлөөнү ийгиликтүү тапшыргандарга тастыктама берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат багыттарында мындан ары да жемиштүү кызматташууну чыңдоо зарылдыгын белгилешти.