Агенттиктин директору Э.Н. Джантаевдин отчеттук презентация, доклады

Жыл ичинде мамлекеттик “заказдын” эсебинен 2200 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы окутулат, буга 3,5 млн. сом акча каражаты каралган.
Быйылкы жылы эл аралык донорлордун эсебинен Онлайн курстарын өткөрүү колго алынды. Жыл башынан бери Бириккен Араб Эмираты тарабынан 4 курс, Кытай Эл Республикасы 16 курс, Малайзиянын техникалык шериктештик программасы 39 курс, Сингапурдун шериктештик программасы 21 курс уюштуруп, 525 угуучуларды окутууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
JDS, KOICA долбоорлорунун алкагында Япония жана Түштүк Корея мамлекеттеринин магистратура жана докторантура программаларынан билим алууга 34 талапкер тандалып алынды. Онлайн шартында окутуулар жыл аягына чейин улантылат.