Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Мониторинг жана мыйзамдуулуктуу көзөмөлдөө бөлүмү Агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгы менен биргеликте мониторинг жүргүздү
2022-жылдын 15-19-авгусунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрациясында, Ат-Башы районунун мамлекеттик администарациясында, Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясында, Нарын шарынын мэриясында, Нарын районунун Чек-Нура айыл өкмөтүнө, Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтүндө, Ак-Талаа районунун Терек айыл өкмөтүндө мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг жүргүзүүнүн максаты мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукту бекемдөө жана бузууларды алдын алуу, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кадрдык иштерге кураторлук кылган орун басарларынын, аппарат жетекчилеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу катчыларынын ишин координациялоо, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын маселелери боюнча мыйзамдардын талаптарын аткаруудагы мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик органдын ишинин деңгээлин жана натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт.
Мониторингдин негизги багыттары
— мамлекеттик орган жана ЖӨБ органы жөнүндө жалпы маалымат, башкаруучу документтер;
— мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды (мындан ары — кызматчылар) өнүктүрүү боюнча иштин абалы;
— мыйзамга ылайык кызматчыларга класстык чендерди ыйгаруу боюнча мамлекеттик органдын жана ЖӨБ органынын ишин уюштуруу;
— мыйзамга ылайык аткаруу жана эмгек тартибинин абалы, кызматчыларга көрүлгөн сыйлоо жана жаза чараларынын болушу;
— кызматчылардын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө боюнча иштин абалы;
— башкаруунун заманбап технологияларын киргизүү боюнча мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын ишинин абалы;
— мамлекеттик органда же ЖӨБ органында кызматчылар тарабынан этика ченемдеринин сакталышы;
— мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды аттестациялоо боюнча иштин абалы;
— кызматчылардын мыйзамга ылайык белгиленген административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын топторуна карата квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү;
— персоналды башкаруу кызматынын абалы ж.б.б.
Жумушчу комиссия тарабынан мониторингдин жыйынтыгы менен тийиштүү маалымкат даярдалып, аткарууга жиберилет.