Мамлекеттик органдардагы кызматкерлерди башкаруу боюнча кызматтын адистерине окутуу семинары өткөрүлдү

2020-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Тестирлөө борборунда Кыргыз Республикасын Мамлекеттик органдардагы кызматкерлерди башкаруу боюнча кызматтын адистерине окутуу семинары болуп өттү. Семинарда негизинен Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери кесиптештерине 2020-жыл боюнча өткөрүлө турган мамлекеттик органдардагы статс-катчылардын ишин баалоо жана рейтингин түзүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Семинардын башында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Абдулазим Курманов кызматкерлерди башкаруу боюнча кызматтын адистерин “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын кызматчыларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун буйругу менен, ошондой эле кадрдык адистерге Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан бекитилген кураторлорду тааныштырды.

Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айжан Жумабекова жамааттык баалоо тутуму жөнүндө маалымат берди. Маалыматка ылайык, жамааттык баалоо мамлекеттик органдын кызматчыларынын сурамжылоосунун (анкета) негизинде жүргүзүлөт. Жамааттык баалоо ыйгарымдуу органдын мамлекеттик органдын кызматкерлерин башкаруу кызматынын көмөгү менен жоопторду жашыруу тартиби менен жүзөөгө ашырат. Семинардын башында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Абдулазим Курманов кызматкерлерди башкаруу боюнча кызматтын адистерин “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын кызматчыларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун буйругу менен, ошондой эле кадрдык адистерге Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан бекитилген кураторлорду тааныштырды.

Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айжан Жумабекова жамааттык баалоо тутуму жөнүндө маалымат берди. Маалыматка ылайык, жамааттык баалоо мамлекеттик органдын кызматчыларынын сурамжылоосунун (анкета) негизинде жүргүзүлөт. Жамааттык баалоо ыйгарымдуу органдын мамлекеттик органдын кызматкерлерин башкаруу кызматынын көмөгү менен жоопторду жашыруу тартиби менен жүзөөгө ашырат.

Мамлекеттик кадр кызматынын мониторинг жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Садыгүл Алымкулова семинардын катышуучуларына мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жана кесиптик баалоо тутуму боюнча маалымат берди Маалымат боюнча кесиптик баалоо ыйгарымдуу органдын буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топтун (комиссия) мамлекеттик органдардагы статс-катчылардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.

Семинардын соңунда Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери кадрдык адистердин кызыктырган бардык суроолоруна жооп беришти. Семинар өз ишин кийинки жумада да улантат.