Манас районунун  Кайыңды  айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык административдик муниципалдык башкы, улук жана   кенже кызмат орундарына кадрладын ички резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

 

Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келүүсү шарт:

-КР жараны болууга;

-18 жаштан жаш болбоого;

-мыйзамдарда белгиленген талаптарга шайкеш келүүгө.

 

1) Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар (Б-Б) үчүн:

-жогорку билим.

— мамлекеттик жана/ же  муниципалдык кызматындагы жыйынды 3 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

 

– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2.  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

  1. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын “ Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы
  4. Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын “ Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  • Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгы менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” жобосун;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2- февралындагы ПЖ № 24 Жарлыгы менен бекитилген “ Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик  жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киригзүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана ищтөөсүнүн тартиби жөнүндө” жобосун;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 25 Жарлыгы менен бекитилген “ Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосун;
  • адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;

Билгичтиги:

-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

-алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

         Көндүмдөрү:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү;

-мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

2)            Административдик кызмат орундарынын улук тобу ( каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы) үчүн:

— Экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку билим;

— мамлекеттик жана/ же  муниципалдык кызматындагы жыйынды бир жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө » Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын » Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

-Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын;

— Кыргыз Республикасынын “ Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамдарын

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 25 Жарлыгы менен бекитилген “ Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосун;

Билгичтиги:—          маалыматтарды жыйноо,талдоо,системалаштыруу жана жалпылоо;-          аналитикалык документтерди даярдоо;-          тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;-          кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;-          иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;-          эмгектин жаңы шарттаррына көнүү;            Көндөмдөрү:—          ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонулушу;-          ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;-          башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөөгө ашыруу;-          компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. (жер маселелери багыты) үчүн:

-Айыл чарбасы, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, техникалык илимдер жана табият таануу илимдери, юридикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттагы жогорку билим;

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; – негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө » Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын » Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамын;

 

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

3)            Административдик кызмат орундарынын кенже тобу ( чыгаша  багыты ) үчүн:

-–Экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

— иш стажына талаптар коюлбайт;– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:11.  Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

  1. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.

предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

( Аскердик-эсепке алуу столунун багыты) үчүн

—  жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

— иш стажына талаптар коюлбайт;– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:-Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

-Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.

предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жалпыга бирдей анык жана альтернативдик аскердик милдетти өтөө жөнүндө» мыйзамын;
  • билгичтиги:
  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

—     документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

—     тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны  практикалык иште колдонуу;

—     кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

—    жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

—   командада иштөө:

-көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн  ичинде саат 9-30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек.

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн  ичинде саат 9:00 — 17:30 га чейин тапшыруу керек.

Дареги: Манас району, Арал,  Маданият № 19, Кайыңды  айыл өкмөтүнүн имараты, Тел.  Моб. 0779609552:0701141473