Бүгүн, 2022-жылдын 15-январында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинде Чүй облусу боюнча райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык резервге тандоо боюнча аңгемелешүү башталды.

Эскерте кетсек, Агенттиктин түндүк аймактык өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 «Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2021-жылдын 10-декабрында аталган максатта конкурс жарыялаган.

Аңгемелешүүнүн түз эфирин Фейсбук баракчасынан көрө аласыздар https://www.facebook.com/gagsmsu