Бүгүн, 2022-жылдын 14-январында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык резервге тандоо боюнча конкурстун экинчи этабы, тагыраагы тестирлөө башталды.

Муниципалдык резервди түзүүнүн максаты шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын бош кызмат орундарын эң квалификациялуу жана келечектүү башкаруучу кадрлар менен өз убагында алмаштыруу болуп саналат.

Муниципалдык резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

  1. Документтерди кароо;
  2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө компьютердик тестирлөө;
  3. Аңгемелешүү.

Белгилей кетсек, муниципалдык кадрлар резервине тандоо боюнча конкурс 2021-жылдын 10-декабрында жарыяланган. Талапкерлерден түшкөн документтер каралып, бекитилген квалификациялык талаптарга шайкеш келгендери тестирлөө этабына киргизилген.

Тестирлөөнүн түз эфирин Фейсбук баракчасынан көрө аласыздар:

Бишкек: https://www.facebook.com/gagsmsu

Баткен: https://www.facebook.com/profile.php?id=100077358092655

Балыкчы: https://www.facebook.com/stpkarakol/

Жалал-Абад: https://www.facebook.com/Jalalabatgks

Каракол: https://www.facebook.com/%D0%9A%D0%B0%D1%80%D0%B0%D0%BA%D0%BE%D0%BB-%D0%A1%D0%A2%D0%9F-104128695502930/

Ош: https://www.facebook.com/profile.php?id=100076864855007

Талас: https://www.facebook.com/profile.php?id=100077061436073

Нарын: https://www.facebook.com/azat.namazov.9/