Муниципалдык кызматты жакшыртуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине семинар өткөрүлдү

2020-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы “Муниципалдык кызматтагы актуалдуу маселелер” темасындагы окутуу семинарын өткөрүп жатат. Семинарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу Бирлигинин директорунун орун басары Бекболот Бекиев жана Чүй облусунун айыл өкмөт башчылары жана шаар мэрлери катышышты.

Алгач, Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев сөз сүйлөп, семинардын ишин баштады. Өз сөзүндө А.Маматалиев азыркы тапта Улуттук кадрлар резерви жана Карьералык кадрлар резервинин кулачын кеңири жайуу керектигин билдирип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн Карьералык кадрлар резервинин катарын толуктоого чакырды. “Буга чейин эл арасында, айрыкча жаштар арасында Мамлекеттик кадр кызматына болгон ишенимдери төмөн болгон. Бардык кызматтарга тааныш-билиш, коррупциялык схема аркылуу келүү керек деген түшүнүк күч алган. Анын бир мисалы, менин Ош шаарына болгон иш-сапар учурунда мага Ош шаары жана Ош облусу боюнча Улуттук кадрлар резервинде болгону төрт эле резервист бар экендигин айтышты. Мындай көрүнүш жарандардын Мамлекеттик кадр кызматына болгон ишеними өтө төмөн экендигин көрсөтүп турат. Ушундай көрүнүштөргө бөгөт коюу зарыл. Мамлекеттик кызматка жана муниципалдык кызматка келүүдө бардык жарандарга бирдей шарт түзүү абзел. Ошондо гана ишеним пайда болот. Учурдан пайдаланып, сиздерге да кайрылам, сиздер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү катары Карьералык кадрлар резервинин жана Улуттук кадрлар резервинин катарын толуктай аласыздар. Андыктан, документтериңиздерди тапшырыңыздар. Андан тышкары, бизде демилгелүү, билимдүү, акылдуу жаштарыбыз көп. Аларды да мамлекеттик кызматка жана муниципалдык кызматка тартуу керек”,-деди А.Маматалиев сүйлөгөн сөзүндө.

КР Мамлекеттик кадр кызматынын муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Адеми Абдыкулова муниципалдык кызматка конкурс өткөрүүдөгү жаңы кирген жол-жоболор жөнүндө баяндама жасады. Ошондой эле өз сөзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кадрлардын туруксуздугу боюнча проблемага токтолуп, бул багытта кадр кызматы тарабынан бир катар иш-чаралар жасалып жаткандыгын билдирди. Андан соң, КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу Бирлигинин директорунун орун басары Б.Орозбаев жана ЖӨБ органдарынын отчеттуулугу жана жарандардын үнү: бюджеттик процесс” долбоорунун жетекчиси Б.Бекиев баяндамаларын жасашты.

Семинар эки күнгө уланып, 18-декабрда өз ишин жыйынтыктайт. Семинар КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын жыйындар залында өтүүдө. Семинарда негизинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы конкурсттук тандоо, кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана окутуу, электрондук башкаруу өңдүү актуалдуу маселелер талкууланды. Семинардын катышуучулары учурда аймактарда орун алган көйгөйлөрдү ортого салып, анын чечүү жолдорун талкуулашты. Ошондой эле Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу Бирлигинин директорунун орун басары Бекболот Бекиев семинардын катышуучуларынын бүйүрүн кызыткан бардык суроолоруна жооп узатышты.