Бүгүн, 2021-жылдын 29-декабрында, КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан «Мыйзамдардын өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу маселелери. Аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарында социалдык-гендердик аспектилерди эске алуу» деген темада тегерек стол болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу жана Швейцария өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Жарандардын үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс”, “Жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу” долбоорлорунун колдоосу жана катышуусу менен уюштурулду.

Агенттиктин жетекчилеринин катышуусунда өткөн тегерек столдо, мыйзамдардын өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу боюнча бир катар презентациялар окулду. Жыйынтыгында жалпы талкуу болуп, алдыдагы пландар сүйлөшүлдү.