Нарын районунун Эмгекчил айыл окмотуно Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана  муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, айыл окмотуно улук кызмат орундарына ички кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт.

 

Улук кызмат резерв кадрына киргизүү үчүн квалификациялык талаптар:

  • Кесиптик билим деӊгээли жана иш стажы:

Экономика, финансы, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба багытында  жогорку билим, иш стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

  • Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Улук кызмат оруну (Финансы иштери экономиканы онуктуруу жана инвестиция тартуу болуму)  

  Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл: предметтик

КР Бюджеттик кодексин, КР “бухгалтердик эсеп жонундо мыйзам”, Мамлекеттик сатып алуулар жонундо мыйзам.

 

Улук кызмат оруну (Мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча башкы адис)

Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:(предметтик )

КР Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзам, ветеринария жонундо мыйзам, жер кодекси, жайыттар жонундо мыйзам, айыл чарбасын онуктуруу жонундо мыйзам

 

Улук кызмат оруну (Жер турак жай маселелер боюнча башкы адис)  (

 

Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:(предметтик)

КР Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзам, жер кодексин, турак-жай кодексин, жайыттар жонундо мыйзам, айыл чарбасын онуктуруу жонундо мыйзам.

 

3) Иш билгичтиги:

— Талапка ылайык иш алып барууда мамлекеттик жана расмий тилдерин тиешелүү деңгээлде билүүсү;

— компьютер жана оргтехника менен иштөөнү билүү;

-Статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалымат өндүрүү;

 Тест, графика жана электрондук жадыбал редакторлору менен иштөө;

 Файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жокко чыгаруу жана калыбына келтирүү);

 Тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу;

 Диск мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү);

 Компьютерде жана социалдык тармактарда иштөө, издөө, алмаштыруу, маалыматты сактоо, Интернет, электрондук почта ж.б.;

-Электрондук каттарды жөнөтүү жана кабыл алуу;

— Microsoft Excel, Power Point, Word менен иш алып баруу;

-Ар түрдүү браузерлер менен иштөө;

-Офистик техникалар менен иш алып барганды билүү:

-факс.

-принтер.

-сканер.

-проектор жана интерактивдүү доска.

-көчүрүү аппараты.

 

 

Конкурска катышууга керектүү документтердин тизмеси:

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди жөнөтүүгө тийиш:
1. жеке арыз, какдрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндөгү маалыматтарды көрсөтүү менен), резюме, фотосүрөт;
2. паспорттун көчүрмөсү;
3. тиешелүү адистик боюнча жогорку билимин, иш стажы жана квалификациясын аныктаган документтер (нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, жогорку билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы тууралу дипломдорунун көчүрмөсү);
4. сунуштама каттар кошумча тиркеме катары тиркелсе да болот;
жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

 

 

  • Документтерди жарыя чыккан күндөн тартып он күн ичинде Нарын районунун Эмгекчил айыл окмотундо кабыл алынат. Тел 0704036903