Нарын шаарында өткөрүлгөн жергиликтүү мамлекеттик райондук администрациялардын башчыларынын (акимдеринин) жана алардын орун басарларынын аттестациясы жыйынтыкталды (толукталды)

В рамках реализации Указа Президента КР С. Жапарова «О новой государственной кадровой политике» завершена аттестация глав районных местных государственных администраций и их заместителей в Нарынской области.

Республикалык аттестациялоо комиссиясы 12 мартта аттестациялоону жыйынтыктады.

Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 15 талапкерден 1 талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу, аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген жок.

Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

  1. 3 (үч) адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, кызмат боюнча көтөрүлүүгө сунуш кылынат:
  2. 9 (тогуз) адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет:
  3. 3 (үч) адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту.

Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча КР Өкмөтүнө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет.

Кийинки аттестациялоо бекитилген графикке ылайык башка облустарда өткөрүлөт.