Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин кадрлар резервине киргизүү үчүн кызматтардын кенже жана улук топторуна ачык конкурс жарыялайт.
Улук административдик мамлекеттик жарандык кызматтар үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
Билүүсү:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы;
4.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы;
5.Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— юриспруденция багыты боюнча “гуманитардык илимдер” жаатындагы жогорку кесиптик билим.

Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматтар үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
Билүүсү:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

1) Юриспруденция багыты боюнча административдик кызматтардын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— юриспруденция багыты боюнча “гуманитардык илимдер” жаатындагы жогорку кесиптик билими.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жалпысынан иштеген 1 жылдан кем эмес стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес стажы.
3. Кесиптик иш билгилиги:
3.1. Билүүсү:
— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси; Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси; Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө»; «Энергетика жөнүндө»; «Электр энергетикасы жөнүндө»; «Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө»; «Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө»; «Об акционерных обществах»; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырларын коргоо жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2021-жылдын 28-октябры № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө”; 2017-жылдын 31-майындагы № 313 “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө”.
3.2. Жөндөмдүүлүгү:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— талданма документтерди даярдоо;
— отун-энергетика комплекси жаатындагы ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
— юридикалык экспертизаларды жүргүзүү;
— кызыкчылык үчүн сотто өкүл болуу;
— коллегалар менен натыйжалуу кызматташтыкта болуу;
— иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу;
— кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— өз ара мамилелерди натыйжалуу жөнгө салуу, иштиктүү этикеттин ыкмаларына ээ болуу, кеңешмелерди, жолугушууларды жана ачык чыгып сүйлөөлөрдү жүргүзүү;
— ведомстволор аралык өз ара кызматташуу;
— файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын алмаштыруу, көчүрүү, жайгаштыруу, өчүрүп таштоо жана калыбына келтирүү);
— тышкы перифериялык түзүлүштөргө туташтуруу;
— диск мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү);
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумунан пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда так, сыпайы өз ара аракеттенүү;
— маалыматтардын ар түрдүүлүгүнүн жана маалыматтардын өзгөрүүсүнүн жогорку ылдамдыгынын шарттарында маалыматтык база менен иштөө;
— статистикалык маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды чыгаруу;
— файлдардын көлөмдөрүн кысып маалыматтарды көп батыруу жана көлөмдүү маалыматтарды жөнөтүү/кабыл алуу;
— КР мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумдарын пайдалануу;
— веб-конференц-байланыш мекемесинин тиркемелерин пайдалануу;
— видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди пайдалануу;
— текстти оңдоо жана редакциялоо;
— кеңселик техника менен иштөө (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдик доска, факс);
— логин жа паролду коюу;
— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана кызмат убактысын туура болүштүрүү.

2) Тармактык багыттар боюнча административдик кызматтардын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар;
— лицензиялоо жана контролдоо башкармалыгына;
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— төмөнкү багыттардагы жогорку кесиптик билими: экономика багыты боюнча «Экономика жана башкаруу»; юриспруденция багыты боюнча «Гуманитардык илимдер»; жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электр энергетикасы жана электр техникасы багыты боюнча «Энергетика жана электр энергетикасы»; электр станциялары, электр энергетика системасы жана тармагы, электр менен жабдуу (тармактар боюнча), энергиянын салттуу эмес жана кайра жаралуу булактары, релелик коргоо жана электр энергетикалык тутумду автоматташтыруу, гидроэлектроэнергетика багыты боюнча “Жылуулук энергетика”.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик иш билгилиги:
3.1. Билүүсү:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө»; «Энергетика жөнүндө»; «Электр энергетикасы жөнүндө»; «Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө»; «Ишкердик субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
2013-жылдын 18-февралындагы № 83 “Мамлекеттик жөнгө салуучу чарбакер субьекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; 2018-жылдын 29-январындагы № 56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 “Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтому. Бул токтом менен “Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобо” бекитилген.

3.2. Жөндөмдүүлүгү:
— жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
— «Проверка.кg» маалыматтар базасы менен иштөө;
— «Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы ишкердиктин айрым түрлөрүнүн лицензияларынын реестри» маалыматтык тутумун эсепке алууну жүргүзүү;
— документалдык текшерүүлөрдү жүргүзүү;
— текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча актыларды түзүү жана алар боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоо;
— ОЭК субьекттерине лицензияларды берүү үчүн зарыл материалдарды (документтердин пакетин) даярдоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
— ачык чыгып сүйлөө;
— командада иштөө;
— тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын алмаштыруу, көчүрүү, жайгаштыруу, жоготуу жана кайра калыбына келтирүү);
— тышкы перифериялык түзүлүштөргө туташтыруу;
— диск мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү);
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумун пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда так, сылык өз ара аракеттенүү;
— маалыматтардын ар түрдүүлүгүнүн жана маалыматтардын өзгөрүүлөрүнүн жогорку ылдамдыгынын шартында маалыматтардын базасы менен иштөө;
— статистикалык маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды чыгаруу;
— файлдардын көлөмдөрүн кысуу жана көлөмдүү маалыматтарды жөнөтүү/кабыл алуу;
— бет ачарларды уюштуруу;
— эсептөөлөр менен байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө;
— таблица, диаграмма жана график түрүндө маалыматтарды берүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумдарын пайдалануу;
— тексти оңдоо жана редакциялоо;
— кеңселик техника менен иштөө (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдик доска, факс).
3.3. Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдоно билүү;
— ишти пландаштыруу жана кызмат убактыларын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу.
— тарифти жана бааны жөнгө салуу башкармалыгына;
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— төмөндөгү көрсөтүлгөн тармактардагы жогорку кесиптик билими: экономика багыты боюнча «Экономика жана башкаруу»; жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электр энергетикасы жана электр техникасы багыттары боюнча «Энергетика жана электр энергетикасы»; жылуулук электр станциялары, жылуулук электр станцияларындагы суунун жана отундун технологиясы, өнөр жайындагы жылуулук энергетикасы багытындагы «Жылуулук энергетикасы»; электр станциялары, электр энергетика системасы жана тармагы, электр менен жабдуу (тармактар боюнча), энергиянын салттуу эмес жана кайра жаралуу булактары, релелик коргоо жана электр энергетикалык тутумду автоматташтыруу, гидроэлектроэнергетика багыты боюнча “Электр энергетикасы”.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик иш билгилиги:
3.1. Билүүсү:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө»; «Энергетика жөнүндө»; «Электр энергетикасы жөнүндө»; «Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө»; «Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө»;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 “Мамлекеттик жөнгө салуучу чарбакер субьекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; 2012-жылдын 22-августундагы № 576 “Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө”; 2012-жылдын 14-мартындагы № 172 “Жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө”; 2020-жылдын 27-мартындагы № 188 “Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө”; 2002-жылдын 25-майындагы № 335 “Электр энергияларынын дүң рыногундагы эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө”.
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин буйруктары: 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 4 “Электр энергиясына тарифтерди түзүүнүн жана өздүк наркын аныктоонун методикасын бекитүү жөнүндө”; 2016-жылдын 14-мартындагы № 2 “Жылуулук энергиясына тарифтерди түзүүнүн жана продукциянын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) өздүк наркын аныктоонун методикасы жөнүндө”; 2016-жылдын 8-декабрындагы № 5 “Жаратылыш газына тарифтерди түзүү үчүн өздүк наркын аныктоонун методикасы жөнүндө”; 2015-жылдын 6-августундагы № 1 “Энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялаган станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөөнүн методикасын бекитүү жөнүндө”; 2020-жылдын 21-июлундагы № 2 “Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө”.
3.2. Жөндөмдүүлүгү:
— чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары боюнча жоопкерчиликтерди өзүнө алуу;
— маалыматтарды жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылаштыруу;
— жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— коллегалар жана командада иштегендер менен натыйжалуу кызматташуу;;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
— тесттик, графиктик жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— файлдарды жана папкаларды түзүү, алар менен иштөө (атын алмаштырып кайра коюу, көчүрүү, жайгаштыруу, жоготуу жана калыбына келтирүү);
— тышкы перифериялык түзүлүштөргө туташтыруу;
— диск мейкиндиктерин тазалоо (архивдештирүү);
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумдарын пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда так, сылык өз ара аракеттенүү;
— маалыматтардын ар түрдүүлүгүнүн жана маалыматтардын өзгөрүүсүнүн жогорку ылдамдыктарынын шартында маалымат базалары менен иштөө;
— статистикалык маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды чыгаруу;
— файлдардын көлөмдөрүн кысуу жана көлөмдүү маалыматтарды жөнөтүү/кабыл алуу;
— бет ачарларды уюштуруу;
— эсептөөлөргө байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө;
— таблица, диаграмма жана график түрүндөгү маалыматтарды берүү;;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумдарын пайдалануу;
— веб-конференц-байланышты уюштуруунун тиркемелерин пайдалануу;
— текстти оңдоо жана редакциялоо;
— кеңселик техника менен иштөө (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдик доска, факс);
— логин жана паролду коюу;
— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.
3.3. Көндүмдөр:
— отун-энергетикалык комплексинде тарифтерди түзүү жаатында, анын ичинде отун-энергетикалык комплекси жаатында орто мөөнөттүү (узак мөөнөттүү) тарифтик саясатты (стратегияны) түзүүдө ченемдик документтердин, методикалардын жана нускамалардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
— электр жана жылуулук энергиясына, жаратылыш газына тарифтерди, ошондой эле отун-энергетикалык комплексинин лицензиат-субьекттеринин, анын ичинде монополист субьекттердин реестрине киргизилгендердин кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды эсептөөлөрдү жүргүзүү;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана кызмат убактыларын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— бөлүмдүн иш кагаздарын жүргүзүү, адам ресурстарын башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү менен өз ара аракеттенүү.
— мониторинг жана комплекстүү талдоо башкармалыгына;

1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— төмөндөгү тармактардагы жогорку кесиптик билими: экономика багыты боюнча «Экономика жана башкаруу»; жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электр энергетикасы жана электр техникасы багыттары боюнча «Энергетика жана электр энергетикасы»; жылуулук электр станциялары, жылуулук электр станцияларындагы суунун жана отундун технологиясы, өнөр жайындагы жылуулук энергетикасы багытындагы «Жылуулук энергетикасы»; электр станциялары, электр энергетика системасы жана тармагы, электр менен жабдуу (тармактар боюнча), энергиянын салттуу эмес жана кайра жаралуу булактары, релелик коргоо жана электр энергетикалык тутумду автоматташтыруу, гидроэлектроэнергетика багыты боюнча “Электр энергетикасы”.

2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик иш билгилиги:
3.1. Билүүсү:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө»; “Атаандаштык жонүндө”; «Энергетика жөнүндө»; «Электр энергетикасы жөнүндө»; «Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө»; «Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө»;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору; 2012-жылдын 22-августундагы № 576 “Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө”; 2012-жылдын 14-мартындагы № 172 “Жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө”.
3.2. Жөндөмдүүлүгү:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
— чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчиликте болуу;
— маалыматтарды жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ачык чыгып сүйлөөлөргө көнүгүү жана иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— ведомстволор аралык өз ара кызматташууларды колго алуу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
— коллегалар менен натыйжалуу кызматташтык жана командада иштей билүү;
— тесттик, графиктик жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— файлдарды жана папкаларды түзүү, алар менен иштөө (атын алмаштыруу, көчүрүү, жайгаштыруу, жоготуу жана калыбына келтирүү);
— тышкы перифериялык түзүлүштөргө туташтыруу;
— диск мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү);
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумун пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын ченемдерин сактоо менен социалдык тармактарда так, сылык өз ара аракеттенүү;
— маалыматтардын ар түрдүүлүгүнүн жана маалыматтардын өзгөрүүсүнүн жогорку ылдамдыктарынын шарттарында маалыматтар базасы менен иштөө;
— статистикалык маалыматтарга талдоо жүргузүү жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды чыгаруу;
— файлдардын көлөмдөрүн кысуу жана көп көлөмдөгү маалыматтарды жөнөтүү/кабыл алуу;
— бет ачарларды уюштуруу;
— эсептөөлөргө байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө;
— таблица, диаграмма жана графика түрүндөгү маалыматтарды берүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумдарын пайдалануу;
— веб-конференц-байланыш уюмунун тиркемелеринен пайдалануу;
— текстти ондоо жана редакциялоо;
— кеңселик техникалар менен иштөө (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс);
— логин жана паролду коюу;
— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.
3.3. Көндүмдөрү:
— талдоо, божомолдоо, жалпылоо жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле алынган маалыматтарды системалаштыруу;
— Министрлер Кабинетине жана аткаруу бийлигинин органдарына отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү талданма материалдарды, маалыматтарды жана отчетторду даярдоо;
— комплекстүү талдоо жүргүзүү жана корутундуну даярдоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— бөлүмдүн иш кагаздарын жүргүзүү, адам ресурстарын башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү менен өз ара аракеттенүү.

3)Төмөндөгү багыт боюнча административдик кызматтардын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
— адам ресурстарын башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө;

1.Кесиптик билиминин деңгээли:
— төмөндөгү тармактардагы жогорку кесиптик билими: юриспруденция, филология багыттары боюнча “Гуманитардык илимдер”; экономика, персоналды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттары боюнча «Экономика жана башкаруу».
2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик иш билгилиги:
3.1. Билүүсү:
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырларын коргоо жөнүндө» мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору; КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө”; 2021-жылдын 28-октяббрындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө”.
3.2. Жөндөмдүүлүгү:
— жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— документтердин аткарылышына талдоолорду жүргүзүү;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— маалыматтарды жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
— өз компетенциясынын чектеринде документтерди кароо жана даярдоо;
— коллегалар менен натыйжалуу кызматташуу;
— командада иштей билүү;
— тесттик, графиктик жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (аталышын алмаштыруу, көчүрүү, жайгаштыруу, жоготуу жана кайра калыбына келтирүү);
— тышкы перифериялык түзүлүштөргө туташтыруу;
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумун пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда так, сылык өз ара аракеттенүү;
— маалыматтардын ар түрдүүлүгүнүн жана маалыматтардын өзгөрүүсүнүн жогорку ылдамдыгынын шарттарында маалыматтар базасы менен иштөө;
— статистикалык маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана чечимдерди кабыл алууну натыйжалуу колдоо үчүн маалыматтарды чыгаруу;
— бет ачарларды уюштуруу;
— таблица, диаграмма жана график түрүндөгү маалыматтарды берүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумун пайдалануу;
— текстти оңдоо жана редакциялоо;
— кеңсе техникасы менен иштөө (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс);
— вируска каршы программаларды пайдалануу;
— маалыматтык тутумду жана шифрлештирүү аркылуу маалыматтарды коргоо;
— логинди жана паролду коюу;
— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада пайдалануу;
— өз компетенциясынын чектеринде башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу.
4) Юриспруденция багыты боюнча административдик кызматтардын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— юриспруденция багыты боюнча «Гуманитардык илимдер» тармагындагы жогорку кесиптик билими.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт..
3. Кесиптик иш билгилиги:
3.1. Билүүсү:
— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси; Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси; Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө»; «Энергетика жөнүндө»; «Электр энергетикасы жөнүндө»; «Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө»; «Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө»; «Об акционерных обществах»; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырларын коргоо жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2021-жылдын 28-октябры № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө”; 2017-жылдын 31-майындагы № 313 “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө”.
3.2. Жөндөмдүүлүгү:
— жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште пайдалануу;
— юридикалык экспертизаларды жүргүзүү;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча отчетторду даярдоо;
— коллегалар менен натыйжалуу кызматташуу;
— командада иштей билүү;
— файлдарды жана папкаларды түзүү, алар менен иштөө (атын алмаштырып кайра коюу, көчүрүү, жайгаштыруу, алып таштоо жана кайра калыбына келтирүү);
— тышкы перифериялык түзүлүштөргө туташуу;
— диск мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү);
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумун пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын ченемдерин сактоо менен социалдык тармактарда так, сылык түрдө өз ара аракеттенүү;
— маалыматтардын ар түрдүүлүгүнүн жана маалыматтардын өзгөрүүсүнүн жогорку ылдамдыгынын шарттарында маалыматтар базасы менен иштөө;
— статистикалык маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды чыгаруу;
— файлдардын көлөмдөрүн кысуу жана маалыматтарды көбүрөөк көлөмдө жөнөтүү/кабыл алуу;
— КР мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумдарынан пайдалануу;
— веб-конференц-байланыш уюмунун тиркемелеринен пайдалануу;
— көрмө материалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди пайдалануу;;
— тексттерди оңдоо жана редакциялоо;
— кеңсе техникалары менен иштөө (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдик доска, факс);
— логинди жана паролду коюу;
— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдоно билүү;
— ишти ипландаштыруу жана кызмат убактыларын туура бөлүштүрүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди берүү зарыл:
— жеке арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян (соттуулугунун бардыгын же жоктугун көрсөтүү менен), таржымал, фото сүрөт;
— паспорттун көчүрмөсү;
— керектүү кесиптик билимин тастыктаган документтер – нотариус же иштеген жериндеги кызматкерлерди башкаруу кызматы тастыктаган дипломдун көчүрмөсү;
— нотариус же иштеген жериндеги кызматкерлерди башкаруу кызматы тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимдери тууралуу, квалификацияларын жогорулаткандыгы жөнүндө, окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
Документтер «Конкурска» деген белги коюлуу менен көктөмөгө тиркелип жөнөтүлүш керек.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды беришкен жарандардын конкурска катышуусуна жол берилбейт.
Бардык конкурска катышууну каалагандар 2022-жылдын 14-мартынан тартып 24-март күнүн 18:00 гө чейин кошо эсептөө менен документтерин Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 119 (Тыныстанов көчөсү менен кесилишет), 3-кабат, 301-кызматтык бөлмө дареги боюнча тапшыра алышат. Маалымат үчүн телефондор: 56-14-77, 56-28-78.
Конкурска катышуу үчүн бардык кеңири маалыматтар www.regultek.gov.kg. сайтка жайгаштырылган.