Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү айыл өкмөтү КРнын”Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык административдик муниципалдык башкы топ-жооптуу катчы кызмат ордуна кадрлар резервине алууга ачык сынак жарыялайт:

 Башкы топ кызмат оруну үчүн

    Жооптуу катчы:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим-Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Автоматташтыруу жана башкаруу, Курулуш, Энергетика тармактарында.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү

— Төмөнкүлөрдү билүү:

 Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын укуктук –нормативдик актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө ” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 03-мартындагы  № 120  токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

 -Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдык актыларын каттоо” Мыйзамы

-Кыргыз Республикасынын “Ички жер которуу жөнүндө”Мыйзамы

-Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”

Билгичтиги :

Иштин артыкчылыктуу багыттарынаныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу

түзүмдүк бөлүкчөлөрдүн поблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо,аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчу проблемалуу кырдаалдарды өз убагнда көрө билүү жана чечүү;

алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаны ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

ведомостволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

  -Көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максатарын жана жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү,башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, эл алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү

    Сынакка  катышуу  үчүн керектүү документтер (атайын папкада тиркелет) :

—    Жеке арыз;

  • Паспорттун көчүрмөсү;
  • Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендигин жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Эмгек китепчесинин  көчүрмөсү (эгерде  мурда  иштеген  болсо, нотариустан  тастыкталган  болуу  керек)
  • Илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
  • ¾ өлчөмүндөгү  2 фото  сүрөт;
  • Дипломдун көчүрмөсү (нотариустан  тастыкталган)
  • Кадрларды эсепке  алуу  баракчасы;

Документтер   жарыяланган  күндөн  тартып  10 календарлык  күндүн  ичинде  кабыл  алынат. Квалификациялык  талаптарга  жооп  берген  талапкерге  сынактын  мөөнөтү  жана  орду  жөнүндө  кошумча  маалымат  берилет.

Документтерди  кабыл  алуу  Бүлөлү  айыл  өкмөтүнүн имаратында  жүргүзүлөт.

Байланыш  телефондору :      0559-83-01-31,        0550-00-32-60